Датасы: 20.02.2025
Формат: mp3

Чеги жок бүтүп же башталбай
Ченеми чексиз жер асмандай
Ортобуздагы бул махабат
Тазартсын сезимди ак кардай

Аралап бакыттын дүйнөсүн
Жүрөктөр азапта күйбөсүн
Сүйүүнү айтууга тил алсыз
Каректер гана сүйлөсүн

Кайырма:
Биздеги эгиз жүрөктүн
Согушун бир тындачубуз
Бактылуу болуу жашоого
Бар акыбыз

Өмүрдүн дайрасын кечебиз
Жылт учкан жылдыздай өчөбүз
Жашасын сүйүүбүздүн түбөлүк
Жашоодон кетсек да экөөбүз

Чертилип сезимдин кылдары
Ырдалсын махабат ырлары
Ар дайым даярмын ардагым
Мен сени бактылуу кылганы

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *