Эзелки заманда, эртеги кабарда, Жаныбек деген хандын тушунда, жерге батпас, бекер жатпас бир бала чыкты. Баланын аты — Чагатай. Ал жаш кезинен эле шум бала болуп, сөзгө чебер, зөөкүрдүгү жок, колу кармоок, оозу шок өстү. Жүрүп кетсе, жел жетпеген күлүктүгү бар, айтыша келсе, сөзгө жеңдирбеген чечендиги бар, сыйкырчыдай алдаган шумдугу бар. Мүнөзү жумшак, бал тили жанды кубантып, сөзгө жубантып, айтып ынантып, амалын камдайт, алды артына түшүп ар кимди алдайт, алган буюмун өлсө да танбайт

Бирок Чагатай ар дайым сараң ач көз байларды, залим хандарды, элге зыяндан башка эч пайдасы тийбеген хандарды гана алдайт: бечара карыптардан, элге зыянсыз момундардан жарым тыйын албайт, ал түгүл байлардан алганын бүт дал ошол алсыздарга үлөштүрүп жамдайт. Чагатай эр жетип, бир топ жашка келди, адатынча байларды маскаралап, амал менен алдап жүрө берди, аны, көргөндөр күлө берди. Ээгине сакал, эрдине мурут чыкпаган анык кесөө киши болду. Мурунку атагы Чагатай калып, эми Алдаркөсөө атыгып калды. Алдаркөсөөнүн шумдугу күндөн-күнгө артылып, далай ач көз сараңдардын жазасын берди, нечендерин жалаң сөз менен жеңди.
Бир күнү тоону көздөгөн, жакага түшпөгөн, бир байдын баласы базарлап келем деп, атасынан уруксат сурап барды. Атасы араңдан зорго макул болду. Атын тыңдап азыгын чындап, айран кымызын байлап, кырк ирик айдап, байдын баласы базарга жөнөп калды. Атасы узата тушүп, баласына акылнасаат жана базардьш жайын айтты:
— Балам, малыңа, жаныңа этиет бол! Бул элде Алдаркөсөө деген алдамчы бар, ээгинде сакал, эрдинде муруту жок. Ошого учурап калып, малыңдан ажырап жүрбө! — деди.
Байдын баласы малын айдап, базарга жөнөдү. Базардын мезгили өтүп, кеч кыстап калганда, бала шаарга жетти. Алдаркөсөө баланын жолунан чыкты: «Балам, кеч киргенде, кой айдап базарга барайын деген оюң бар. Жаш бала экенсиң, бүгүнкү базар тарап кетти. Малыңды базарга эртең сал. Ууру бар, бөрү бар. Бүгүн менин үйүмө конуп ал, айланайын!» — деди.
«Баягы атам айткан желмогуз Алдаркөсөө ушул бейм» — деп, бала конууга макул болгон жок. Тилин бала албаган соң, Алдаркөсөө чапкан бойдон үйүнө барып, кеп сакалын кийди. Башына селде чалынып, боз ат минип, киймин езгөртүп, жанагы балага дагы келди. Аңгыча күн батып, күүгүм кирди. Алдаркөсөө балага акыл айтып:
— Балам, айдаган коюң бар экен, ууру, бөрү бар, атаң кандай эчтекени байкабаган киши. Жаш баланы ушунча мал менен базарга жалгыз жибергени жакшы эмес. Балам, биздики жакын, үйгө барып, малың менен конуп ал. Эртең малыңды эрте айдап барып, өзүм сатып берем, — деди.
Бала макул болуп, экөөлөп койду айдап, Алдаркөсөөнүн үйүнө келди. Алдаркөсөө кырк ирикти көгөн тартып байлады. Үйүнө отуруп, бир канча теңге санап:
— Ме, муну катып койчу, бүгүн жанымда балачака жок, базардан кой сатып албай калдым, — деп кемпирине берди.
— Ботом, конок куру жатпасын, базарга сатар мал турбайбы, бир коюн алып, эртең базар наркы менен теңгесин бер, — деди кемпири.
— Бай аке, бир кой алыңыз, базар наркы менен теңгесин берерсиз, — деп баланын өзү да макул болду.
Алдаркөсөө турсунбу, бир коюн союп, баланы аябай коноктоду. Бай баласы уйкучу экен, тырп уйкуга кетти. Алдар түн ортосунда үйүн көчүрүп, ириктерди айдап, түн бою көчүп отуруп, белөк жерге барып конду. Бала журтта калды…
«Эми чык татырбас Чынарбайга барайын, Чынарбайды чындап жолго салайын» — деп ойлоду Алдаркөсөө.
Чык татырбас Чынарбайдын сараңдыгы буткүл элге маалим. Ал дайыма элден алыс конот. Чынарбайдын эч ким менен иши жок, малы көп, пайдасы тийбейт, пейли тар, жарым тыйыи бербей, жардыдан жалчы салып, акысын төлөбөйт. Алыстап качып, коңшу жолотпойт. Айранын аттай, кымызын төедөй көрөт.
Камданып жургөн Алдаркөсөө Чынарбайдын уйүнө келип калды. Жолго төшөгөн камышын бирден терип, жолун тазалап, дабышын билгизбей, салам айтып кирип барды. Алдаркөсее үйгө киргенде, Чынарбай койдун башын куйкалап, кемпири ичеккардын жууп, уулу эт бузуп, келини камыр жууруп, казан асып, суу куюп, кызы кыргоолдун жүнүн жулуп жатыптыр. Алдаркөсеө кирер замат, бай куйкалаган башын катты. Байбиче жууп жаткан ичегикарынын алдына басты. Уулу койдун этин терисине орой салууга шашты. Кызы кыргоолун жымырды. Келини жууруп жаткан камырын катып, отту өчүрүп, казанды чыгарып, баары тымтырс отуруп калды. Акыры Чынарбай Алдаркөсөөгө:
— Балам, элде журтта эмне кеп, эмне жаңылык бар? Айта отур, деди.
— Укканымды айтайынбы же көргөнүмдү айтайынбы? — деп сурады бул.
— Балам, уккан сез учурулуп кетет, көргөнүңдү айг. Алдаркөсөө минтип сүйлөдү:
— Мен ушул силер жакка келатсам, жолдо бир кара чаар жылан жатыптыр. Ошондо опколжуй түштү жүрөгүм, аны эми калп айтып койбоюн, мына минтип салыштырып айтсам туура болор: ал жыландын узундугу байбиче ката койгон ичегидей; аны аябай туруп уруп калдым, урган ташымдын чоңдугу сиз ката койгон баш менен тең. Дүйнөдө түрдүү укмуш көп турбайбы… ой тобоай, таш тийген соң, ал жылан былчыйды бейм — келиниң жууруган камырдай, буларды калп айткан болсом, сакалым кызьщыз жулуп жаткан кыргоолдун жүнүндөй жулунуп калсын. Мен бүгүн ушуга таң калдым.
Чынарбай конокко алдатканын билип, кыжыры келип, көзүн жүлжүйтүп, мурдун чүйрүйтүп сүйлөдү:
— Оой, балам, бул жерде антип айтуу туура келбейт, Чынарбай чыгым болуп, кишиге тамак бербейт. Астыңкы эрдиң менен жер шыпырган, үстүңкү зрдиң, менен көк шыпырган жинди чалыш неме көрүнөсүң. Сенин сөзүңө Чынарбай жеңиле койбойт. Сендей желип жүргөн жесек бул үйдө көнок болбойт. Бая эле эскерткем: мени тегин киши ойлобо, Чынарбай менен ойнобоГ Сени чакырып келтеним жок. Конок койдон жоош, бербесем менде дооң барбы? Жат да кет! Тур, байбиче, тешөк сал, чарчадык — жатабыз, уйкуга батабыз.
Байбичеси төшөк салды, бардыгы жатып алды. Аргасы барбы, Алдаркөсөө да уктагансып калды. Ал түгүл коңуругу ташты жарды.
Бир маалда бай айтты:
— Байбиче, тур, коңуругун уктуңбу? Конок уктап калды. Бул укташы менен бүгүн эмес, эртең да ойгонбос. Тез туруп, этти бышыра кой. Конокко бербей, езүбүз жеп алалы.
Байбичеси отту жагып, казанды асып, этти салып бышырды. Эт бышкан кезде байбиче уйку басып уктап кетти. Алдаркесеө байбиченин уктаганын көрүп, акырыи ордунан туруп, этти чыгарып, баштыгына салып, бекитип алды. Келиндин кепичин, баланын өтүгү менен шымын, байбиченин кейнөгүн казанга салып, баштыгын өз башына жаздап, уктамыш болуп кайрадан жатты.
Таңга жакын байбиче чочуп ойгонсо, казаны кайнабай, биротоло дымьш калыптыр. Отту тамызьш, байын шашып ойготуп:
— Байым, бачым тур! Конок ойгонгон жок. Таңга жакын калды, этти жеп, анан укта, — деди.
Уулун, келинин, кызын кошо тургузуп, казандан этти чыгарса, эт ордуна бүтүн бойдон шым, етүк, көйнөк чыкты.
«Бул кандай жорук» деп, Чынарбай капа болуп, байбичесине ачууланды. Алдаркөсөөгө алдырганын билип, отту өчүрүп кайра жатышты. Чынарбай кемпирине: — «Ачка жатмак белем, кошкон майдан томуруп, куруттан салып бер», — деди.
Байбиче сандыкты ачып, май томуруп, курут кошуп аякка сала баштады. Аякка түшкен куруттун дабышын укканда, аңдып жаткан Алдаркөсөө дароо колун сунуп, аяктын устүне калпагын тосту. Калпакка толтура курут менен май салдырып, жылмая күлүп жатып алды.
Аякка түшкөн бир аз курут, майга тойбогон олпок бай: «Жарыбаган куу кемпир, көбүрөөк эле салып келсен, болмок», — деп ачууланды. Чынарбай каарданып, кайра төшөгүнө жатпастан, коюн көздөй чыгып кетти. Байбиче кайгырып, убайымга батты. Балдары эт жебей, ачка жатты. Конок коңуругун дагы тартты. Чынарбай алдатканын билип, чындап өч алуу үчүн Алдардын атын жарып елтүрмөк болот. Анын аты байдын атына окшош экен. Жалгыз айырмасы: Алдардын атынын маңдайында кичинекей кашкасы бар. Аны байкаган Алдар «зыкьш бай алда кандай кылат» деи, күүгүм ченде Чынарбайдын атынын маңдайына бор еыйпап кашка кылып, өз атынын кашкасына көө сыйпзи карартып койгон. Алдарга келди: «Кандай уйкудан баш көтөрбөгөн шордуусуң? Жалгыз атыңды жакшылап карап алууга жарабапсың. Атың казыкка курсагын жарып, өлүп калыптыр, туруп союп ал», — деди.
Алдар эч кенебей, уйкусураган болуп, өлөр ат өлүптүр, бай, жаш сорпо ууртайт экенбиз, балабакырага айтып сойдуруп коюңуз, бирок байкап көрүңүз: өлгөн аг чын кашка болсо меники, сыр кашка болсо сиздики, — деп кайра жатты.
— Чынарбай коркуп жүгүрүп барып, өз атын өзү елтүрүп алганын көрдү.
Аңгыча таң атты. Чынарбай коюн кайтарганы жөнөмөк болду. Кемпири, байдын курсагы ачпасын деп, эртең менен чок көмөчтү отко көөмп, бышырьш койгон экен: Алдардан жашырып, бай жөнөй берерде аны ысык бойдон койнуна ката салды. Муну байкап калган Алдар, Чынарбайга такыр чык татырбайын деп, байга жакындап:
— Байым, мен эми кетем, конок кылганыңа чоң ыракмат, мындан ары көрүшөбүзбү же жокпу, коштошуп калалы, — деген сөз менен байды кучактап катуу кысты. Ысык көмөч этин күйгүзүп жибергенде, бай чыдай албай:
— Ит жегирий, ит жегирдин көмөчү! — деп көмөчтү алыс ыргытты. Алдар байды ошондо коё берип, «ит жегенче мен жейин», — деп, аны алып жолуна түштү.
Күндөрдүн биринде Алдаркөсөө базарды байкап жүрүп, бир байды таап, анын ичин аңтарып, ар кыл аңгемеге салып, сырын тартты.
— Байым, жакшы бай экенсиң, бирок бир гана кемтигиң турат: тирүү малыңан алтынкүмүшүң арбын эмес экен. Ушул жериңен гана айып таптым. Алтынкүмүш адамдан чөп сурабайт, катып койсоң, кысылганда кызык пайдасы тийген, дүйнөдө эч табылбас эң сонун мал змеспи! Бай экенсиң, бирок менин байлыгымдын чейрегине тең келбейсиң. Менин да элүү төөм бар. Айран менен конок үчүн жетер деген миң коюм бар. Кымыз менен мингичке жарар деген үч жүз жылкым бар. Уй сасыкты мал ойлобойм, аны урунганым жок. Алтынкүмүшүмдү нарыбери көчкөндө алты төегө жүктөйм…
Бир аздан кийин Алдаркөсөө дагы минтип айтты:
— Сен анык чоң бай эмес экенсиң. Элүү теөң, үч жүз жылкың, мин, коюң бар имиш. Тирүү жүргөн бул мальщ жуттуку эмеспи?.. Байым, тиги сарайда байланган атым бар эле, сенин атыңа минип, ошону алып келе коёюн бере турчу!
— Минип бар, атым тарпаң, камчыны кошо алгын, — деп бай атын жана камчысын берди.
Алдаркөсөө байды алдаган бойдон, ал атты үйүнө минип кетти.

Элге жакын келбеген, эч адам көрбөгөн, эч кимге тыйын бербеген, тоодон түшпөгөн Эгизбай аттуу эки бай бар эле. Биринин аты — Көчөрбай, экинчиси — Квчпөсбай, Көчөрбай малын айдап, оокатын жайлап, бүлөсү, арбын болуп, өзү билген жакка көчүп кетет. Көчпөсбай малынын көптүгүнөн, бүлөсү аздыгынан шаасы жетип эч көчө албайт. Мунун кабарын уккан Алдаркөсөө Көчпөсбай менен Көчөрбайды атайы издеп чыкты. Келе жатса, жолунан бир карышкыр кезикти: «Так ушул карышкырды да алдап көрөйүн» — деп, аны кууй баштады. Карышкыр нечен кырды ашып, кара тер басьш, жан талаша качып жүрөт.
Көсөө жэйрендей секирип, эликтей түйүлүп, улам жакындап жаза сермет:, тындырбастан кууп келет. Жедеп шайы кеткенде, карышкыр бир ийинге кире качты. Алдаркөсөө ийиндин оозун тосуп алды: «Муну тирүү кармайын» — деп кабынын оозун керип, ийиндин оозуна келтире тосуп отурду. Аңгыча бир киши жетип келип:
— Алдаркөсөө, ээн талаада эмне кылып отурасың? — деп сурады.
— Бул ийинге карышкыр камадым. Карышкыр чыкпаймын дейт, мен чыгасың дейм. Асылдым да калдым, алмайынча кетпейм. Сен мснин үйүмө барып, кабар бергии. Зайбымдын алты айлык боюнда бар, эркек туумак эле, атын Саламат койсун. Тогуз жашка чыкканда, менин үстүмө жиберсин, балам экөөлөсөк муну бир жаңсыл кыларбыз,— деди Көсөө.
Бул сездү уккан карышкыр: «Оңдурчу эме көрүибейт. Мындан чыга качайын — деп, чыгуу аракетин кылганда, капка капталып, ичинде калды. Алдаркөсөө каптын оозун бекем бууп, аркасына көтөрүп жолго түштү. Желип отуруп, Көчпөсбайдын үйүнө жетип барды. Барса, коңшусу жок, кою көп, өзү таштай каткан, акысын бербей — жалчысы качкан, малына сан жетпес, бирок берекесиз пейли жаман бай экен. Алдаркөсеө сабырдуу тартып, салам айтып отурду. Көчпөсбай алик алып, кеп баштады:
— Кел, коногум, жол болсун? Кайдан келдиң? Көтөрген кабың бар, алыстан келаткан көрүнөсүң, үйүмө көптөн бери киши келген эмес. Чакыртпай келген конокту жактырбайм, өзүм каалап чакырбайм. Ал эми сен абдан шаттуу, кезүң оттуу бала экенсиң. Атыжөнүң ким, айта отур, — деди Көчпөсбай.
Алдаркөсөө калптычынды койгулап кирди:
— Баракелде, байым! Маанилүү экен жайың, менин атагым да дайын, кадимки Акирбаймын. Байлыкты эч кимден сурабаймын, бул кабымдын ичинде асмандан түшкөн ак кочкорум бар. Мен өзүм эмес, силердей байларды ого бетер бай кылууга жүрөм. Бул кочкорумдун баасы беш жүз кой. Ошентсең, кочкорду берем, койду санап алам. Кочкорумдун касиети мындай: муну алган киши короосун таштай бекитип, коюна аралаштырып коё берет. Короодогу кою бир эле түндө төлдөп, козу асмандан да шатырап түшүп, малы сан жеткис көбөйөт.
Көчпөсбай бул кочкорду сатып алмак болду:
— Ээ, Акирбай иним, кочкоруңду мага сат, айткан беш жүз коюңду ал, мен дүйнөдө жок сансыз бай болуп калайын, — деди.
Алдаркөсөө ал жерде Акирбай атка конуп, кочкорум деп, каптагы карышкырды берип, беш жүз кой санатып алып, аны айдап жолуна түштү. Көчпөсбай эл жатып уйкуга кирген кезде капты короого көтөрүп кирип, оозун ачып, «ак кочкорду» коюна кошту. Өзү шашып келип төшөгүнө жата калды. Ачыгып жеткен карышкыр түн бою койду кыра берди. Көчпөсбай үн чыгарбай: «Кудайым койду көбөйтүп жатат» — деп ичинен тынып жата берди.
Таң атканда Көчпөсбай үйүнөн чыгып, караса, кочкор эмес, карышкыр экен: «койдун баарын кырып салыптыр. Ал түгүл ач көз карышкыр байдын «ыйык мал» деген кочкорун жара тартып, үстүнө чочоюп отуруп алыптыр. Байды көрөр замат карышкыр короодон аша секирип, капкайда качып кетти.
Бай оозун ачып аңкайып кала берди.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Алия менен жылкы44
Карышкыр менен эчки44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок16
Аяз ата14

Один комментарий к “Алдаркөсөөнүн аңгемеси”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *