Алтыным, эсиңдеби айтылган сөздөр?
Айлуу түн, кечиндеги жароокер, сулуу көздөр.
Айтамын «ай, эркем» деп, «асылым берсе» деп,
Эңсеп келем эртелеп, эргитип кой, эркелеп.
Жылдыздай жанган көздөрүң,
Жылуулук чачат сөздөрүң,
Айта албай жүрөмүн, алоолоп күйөмүн.
Кайырма:
Арзуумду айта албай, аны сен байкабай,
Махабатым, артыма кайта албай, алсырап барам жай,
Асылым, «сүйөмүн» деп айта албай.
Өчпөгөн жалынсыңбы, өмүрдө жазымсыңбы?
Өрттөгөн жүрөгүмдү өзгөчө бир жансыңбы?
Айтамын «ай, эркем» деп, «асылым бир сен» деп,
Эңсеп келем эртелеп, эркелеп кой, эркелеп.
Жылдыздай жанган көздөрүң,
Жылуулук чачат сөздөрүң,
Айта албай жүрөмүн, алоолоп күйөмүн.
Алихан — Айталбайм тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 250