Датасы: 26.08.2024
Формат: mp3

Жар салам жаңылык,

Жарымым табылып.

Кубанып олтурам,

Кубаныч агылып.

Ырысым табылып,

Ыр күлкү жаңырып.

Ак бата айтылсын,

Алакан жайылып.

Келгиле биздин үлпөт тоюбузга,

Бир болсун баскан биздин жолубуз да.

Ак тилек айтып бата бергиле,

Кабыл болсун омийин оюңузда.

Кайырма

Жар салам жаңылык,

Жарымым табылып.

Кубанып олтурам,

Кубаныч агылып.

Ырысым табылып,

Ыр күлкү жаңырып.

Ак бата айтылсын,

Алакан жайылып.

Жолуктук тунук сезим аралынан,

Жоодурап күлгөн назик жамалыңан.

Жылдызың жанып жаным ар качан,

Жымыңдаган сенин кабагыңдан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *