Сен болдуң, сезимди күүгө салып,
Сен болдуң сүйүүмдү черткилеген,
Сен болдуң багым деп кабыл алып
Сен болдуң өзүмдү энчилеген.
Кайырма:
Мен сени эч кимге салыштырбайм,
Жаныңда жандап жүрөм алыс кылбайм,
Себеби түгөй кылып экөөбүздү,
Бактылуу болуу үчүн табыштырган,
Сен барда ишенип бийик учам
Сен болсоң талбаган канатымдай,
Жолукпай калганда мен өзүңө,
Сүйүүбүз калмакпы жаратылбай?