Илгери бир соодагер болгон экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Бир куну соодагер шаарга базарга келууну чечет. Анда баласы атасынан алтын бычак сатып берүүсун суранат.

Атасы уулунун өтүнүчүн аткарууга убада берип, шаарга жонойт. Соодагер шаарга келип, эң мыкты устаны таап, ага алтын бычак жасап беруу отунучун айтат. Көп өтпөй бычак даяр болот. Соодагер аны алып, бардык иштерин бүтүрүп, үйүнө жонойт.

Жолдон ага кырк каракчы кол салат. Алар соодагерди өлтүрүп, мүлкүн тартып алышат. Алар баарын өз ара бөлүп алышат да,бычакка келгенде «мен алам»,»сен алам» болуп, талашып-тартышыптыр. Бычакты баары жактырып, эч ким башкасына бергиси келген эмес. Көпкө чейин талашып-тартышып, акыры каракчылардын бири:

«Биз кандайдыр бир бычак үчүн урушпашыбыз керек, бизди бычак аркылуу таап алышпасын. Өлгөндун көкүрөгүнө сайып, таштап кетели» — дейт.

Буга бардыгы макул болушуп, алтын бычакты өлтүрүлгөн соодагердин көкүрөгүнө сайып, кетип калышат

Кайгылуу кабар бат эле уулуна жетет. Ал дароо издөөгө чыгып, бир аздан кийин атасын таап, атасынын көкүрөгүндөгү бычакты сууруп алып, сөөгүн жерге берет.

Эки жылдан кийин соодагердин баласы жакырланып, эгин айдоочулук менен алектенет. Бул убакта айылга хандын орун басары келет. Ал мурун маркум соодагер менен тааныш болгон. Эми ал досуна жолугуп, ден соолугун сурап көрүүнү чечет. Ага айылда соодагер эки жыл мурун каза болгонун, уулу өтө начар жашап, дыйканчылык менен алектенип жүргөнүн айтышат.

Конок досунун баласын көргүсү келип, ага жолугуп кетууну эп корот. Соодагердин баласы атасынын таанышын жылуу кабыл алып, коюн союп сыйлап, экоо көпкө баарлашып отурушат.

Эртеси эртең менен конок үйуно кетууго камына баштайт. Соодагердин уулу алтын бычакты эстеп, конокко:

— Менин алтын бычагым бар. Мен аны атамды эскерип сага бергим келет,-деп
бычагын алып чыгып мейманга сунат. Мейман бычакты кылдаттык менен карап чыгып, мындай дейт:

«Мен сага үч кеңеш айтам: биринчиден, сырыңды эч качан аялыңа айтпа; экинчиден, эч качан эч ким менен урушпа; үчүнчүдөн, бул бычакты эч кимге көрсөтпө. Соодагердин уулу бул кеңештерди угуп, так аткарууга убада берип коногун узатат.

Соодагердин баласы дарбыз кандай өсөөрүн көрүү үчүн бакчасына барып, ар бир сабакта экиден дарбыз өсүп жатканын корот. Бул эл ишенимине ылайык, жаман жышаан катары кабыл алынган. Кыйынчылыктын алдын алуу үчүн, салт боюнча, кочкорду курмандыкка чалып, анын эти менен кошуналарды сыйлоо керек деп чечет.

Соодагердин баласы бакчадан кайтып келип, аялына баарын айтып, базарга кочкор сатып алганга бараарын айтат. Бирок аялы аны токтотуп:
«Базарга шашпа, убактың болот!»,-дейт.

Аялы базарда соода кылган бир киши менен көптөн бери тааныш болчу. Аны менен жолдошуна билгизбей жашыруун жолугуп жүргөн. Ага дарбыз тууралуу, күйөөсү кочкор үчүн базарга бараары тууралуу баарын айтып берет.

«Күйөөм базарга келгенде, эмнеге келгенин сура. Анан ал баарын айтып бергенде: «Ушундай кишинин да дарбызы эки-экиден өсө алабы?» — дейсиң. Анан ал сага жооп мындай деп жооп берет: эгер дарбызды экиден өстүргөн болсом, анда сен мага аялыңды бересиң деп.

А сен муну айтасың: эгер жуп эмес болсо, анда сен аялыңды мага бересин.
Мындай келишимден кийин тигил киши базарга жөнөйт. Ал жерден соодагердин уулуна жолугуп, эмне үчүн базарга келгенин сурайт?
«Мен кочкор сатып алгым келет» дейт соодагердин уулу.
-Кочкордун эмне кереги бар?
– Дарбыздарым эки-экиден өстүрүп калыптыр, бир кочкорду курмандыкка чалып, кошуналарды сыйлайын деп жатам, – деди соодагердин уулу.

Сендей адам дагы дарбызды экиден өстүрө алабы?, — деп таң калымыш болот тиги киши.

– Барып көрөлү, – дейт соодагердин уулу, – эгер менин дарбыздарым жуп болуп өссө, анда сен мага аялыңды бер, жок андай болбосо, мен сага өзүмдүкүмдү берем.

Ошентип, алар дарбыз оскон бакчаны коздой жөнөштү. Бакчага келип, дарбыздарды карашса, ар бир сабагында бирден гана дарбызды калыптыр. Соодагердин уулу аялынан баш тартууга аргасыз болот. Аялы, албетте, абдан ыраазы болот, анткени дал ошол дарбызды сабагынан кесип алган ошол аялы болчу.

Эми соодагердин уулу андан да жаман жашай баштайт. Атасынын досун эстеп, ага кеңеш сурап барат. Келип, аялынын бардык айла-амалдарын, балээсин болгонун токпой-чачпай айтып берет. Атасынын таанышы ага аялын күч менен үйгө алып келип, ханга арыз жазууга кеңеш берет.

«Хан сени мага жиберет, мен сага жакшы амал ойлоп таап коем» дейт.
Соодагер болсо аялын айылга алып келип, ханга арыз жазат. Арыз баягы атасынын досуна келип тушот.

Ал болсомындай дейт:
-Мен казык жабам, кимиңер биринчи болуп казыкка чуркап барып, аны сууруп чыксаңар, аял ошонуку болот.

Анан ал соодагердин уулуна, бир аз артка чуркоосун айтып, атаандашы устунга чуркап келгенде, аялынды кучактап кал дейт.

Ошентип талаш-тартышты чечүү үчүн эки күйөө тең казынын алдына чыгышты. Судья казык кадады да, талашкандарга жарышка чыгууну буйруду. Бири казыкты, экинчиси аялды кармаганда, казы мындай деп кыйкырат:
-Ким эмнени кармаса, ал ошого ээлик кылсын! Соодагердин баласы аялын, ал эми атаандашы казыкты алып кетиши керек болду.

.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Алтын бычак (казак эл жомогу)”

  1. Жакты катасы бар 40 каракчы соодагерди 40 бүт бары өлтүрөбүз анда каракчылардын изи калат болчуда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *