Алтын куш, ач көз чал

Илгери убакта бир чал-кемпир жашаптыр. Алар өлбөстүн күнүн көрүп, өчпөстүн отун тутантып күн көрүшөт. Чал күн сайын отунга барып, аны алып келип, белендеп үйүнө киргизет. Кемпири болсо үй сарамжалын жасап, тамак жасап, чай кайнатып туруптур. Өтө ынтымактуу жашашат.

Чал үйрөнгөн адаты боюнча бир күнү отунга барат. Чытырман токой. Бир чоң даракты кыймакчы болуп, балтасын колуна алат. Ушул кезде дарактардын арасынан алтын куш чыга калып, адамча сүйлөп кирет:

– Даракты кыйбагын, айланайын, адамзат!..

Чал буга таң калып, өзү чалкасынан кете жаздайт. Куш болсо:

– Адамзат, менден такыр коркпо, эмне кааласаң ошону аткарамын, – дейт.

– Менин үйүмө кеңири жага тургандай отун жеткирип бергин. Отунсуз жан сактоо бизге кыйын, – деп сөзүн аяктайт.
– Болуптур, айтканың орундалат, ага кападар болбой, үйүңө кайта бер, – дейт.

Бул жолу абышка отунсуз үйүнө куру кол келип, кемпиринен аябагандай жеме угат. Абышка отунду алтын куш кыйдырбай койгонун баштан-аяк айтып түшүндүрөт. Кемпири болсо:

– Сен өлүп кет, абдан калпычысың, – деп урушат. Эртеси эртең менен караса эле, үйдүн ирегеси толгон отун.

Баягы кемпиринен жеме уккан абышка эми кемпирине аябай мактанат… Бир күн өткөндөн кийин абышка жипти курчанып, балтасын колуна алып, чоң түп даракты кыйганга дагы барат. Дагы баягы куш:

– Сага эмне керек абышка? – дейт.

– Мага аппак боз үй керек, – дейт.

– Болуптур абышка! Айтканың орундалат, үйүңө барып, окуяны кемпириңе айта бер, – деп куш көздөн кайым болот… Абышка токойдон кайра үйүнө келет. Эртеси кемпири экөө эрте туруп, тышка чыгат. Караса, алты канат аппак боз үй тигилип турат. Экөө тең көргөн көздөрүнө ишенишпей, аябай таң калышат. Үйгө киришип, көңүлдөрү аябай ачык, жарык маанайда кубангандары койнуна батпагансыйт…

Эртеси абышка дагы токойго, баягы өзүнө тааныш дарактын жанына жакын келет. Балтасын алып аны чапканга даярданат. Бул жолу да абышкага дарактын өзөгүнөн алтын куш баш чыгарып:

– Сага дагы эмне керек? – деп кайрылат.

– Мен бай болсом дейм, короомдо сан жеткис малым болсо, алар аппак болсо, – деп суранат.

– Болуптур, адамзат, тилегениң орундалат. Өзүңдүн боз үйүңө окшош койлоруң ак болот. Аны эсептеп түгөтө албайсың, – дейт да, көздөн кайым болот.

Үйүнө келип, абышка кемпири экөө таңдын атышын чыдамсыздык менен күтүшөт. Таң ата теребелди карашат. Айланада жайылган сансыз кой менен уй. Санап жетише албайт.

Арадан бир топ ай өтөт. Чалдын курсагы тоюп, көңүлү көтөрүлүп, хан болгусу келет. Белине балтасын кыстырып баягы чынар терекке дагы келет. Кыя баштайт чынарды.

Алтын куш мына чыгат жок, ана чыгат жок. Теректи кыйып жыгып, уясын караса, алтын куштун өзү жок.

Үйүнө келсе мал да жок. Баягы ак өргөө да жок. Кемпири:

– Ач көздүк адамды жакшылыкка алып келбейт, – деп какшанып отурат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.