Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Мөңгүдөн мөлтүр суу аккан
Мезгили менен алмашкан
Арчалуу бийик тоолору
Аппак карды жамынган

Кайырма:

Керемет жайлоо тер жайлоо
Кенен котору эл жайлоо
Көркөмүң көзгө тартылса
Көкөлөй түшөм дем байлап

Турпаларың гүл чыккан.
Берекеге толуп турган
Бабаларым басып өткөн
Баркыңды бийик тутам

Биздин жайлоо тер жайлак
Келе келе бээ байлап
Коногу келсе кой сойгон
Атадан калган салтты улап

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *