Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Себелеп жамгыр төксө айланама
Сезимдер калган өңдүү ай-талаада
Алыста жалгыз учкан ак куу сымал
Түгөйсүз кыйын тура
Түгөй жок кыйын тура бул жалганда

Учса да канаттуулар эки-экиден
Учууга канатым жок мен издеген
Сагынып кусаланып жүрсөм дагы
Үмүт бар жолугууга
Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн

Элесиң калсын менде кылымдарга
Унутпайм жүрөгүмдө сезим барда
Жашоомдо канча жылдар калса дагы
Бир сага арзуу айтам
Өзүңө арзуу айтам бул ырларда

Жашоомдо канча жылдар калса дагы
Сүйгөнүм сен деп жатам
Сагынычым айтып жатам бул ырларда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *