Датасы: 19.05.2024
Формат: mp3

Жыпарың бүркүп гүлдөрдүн
Жел келсе шибер ыргаган
Жыргалга бөлөп сезимди
Yнүңдү уксам ырдаган
Колуңа гүлдөн дестелеп
Көрүнө калсаң жылгадан

Кайырма:
Көбүртүп булак толкунун
Акагы акса шыңгырап
Билдирип жайлоо шоокумун
Сайраса торгой күү курап

Акырын сылап чачымдан
Ардагым десең эркелеп
Жылмая карап сүйкүмдүү
Жылкыга кетсем эртелеп
Боз жорго минип келатсам
Алдымдан чыксаң энтелеп

Кайырма:
Кызарса булут сүрүлүп
Кызылгат бышса күбүлүп
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек
Кымыздык терсек жүгүрүп

Чачылып жатса шүүдүрүм
Ак бермет болуп көктөмдө
Эрксизден мөлт деп төгүлсө
Экөөбүз басып өткөндө
Көңүлдү жүрөк эргитип
Күн нуру беттен өпкөндө.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *