Датасы: 27.02.2025
Формат: mp3

Жаным менин жалжалым
Ичте жүрөт арманым
Арманымды айта албай
Жүдөп бүттүм ардагым
Арманымды айта албай
Жүдөп бүттү ардагым

Капысынан өзүңө
Кагылыша калганда
Карегиңе карегим
Чагылыша калганда
Карегиңе карегим
Чагылыша калганда

Кайырма:
Сездиң бекен сен эми
Жоодураган берегим
Көз сүйлөшүп турганда
Сөздүн эмне кереги

Болсом дагы өтүмдүү
Кармай албай өзүмдү
Калам таппай кайсалап
Камдап алган сөзүмдү
Калам таппай кайсалап
Камдап алган сөзүмдү

Жаным менин жалжалым
Ичте жүрөт арманым
Арманымды айта албай
Жүдөп бүттүм ардагым
Арманымды айта албай
Жүдөп бүттү ардагым

Кайырма:
Сездиң бекен сен эми
Жоодураган берегим
Көз сүйлөшүп турганда
Сөздүн эмне кереги


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *