Жарк эткен күлкүң элестеп
Жолуңдан күтөм келет деп
Жүрөккө сүйүүм толтуруп
Жоодурап турам сени эстеп
Көөдөнүң толуп наз болуп
Көңүлүм толо жаз болуп
Сүйүүдөн дүйнөм жаңырып
Сүйүүгө турам мас болуп
Булутсуз көктө асманым
Буюруп мага жазганың
Кучагым толо сен барда
Кереги эмне башканын
Капкайда оюм чачылып
Көңүлүн күндөй ачылып
Кездешүү үчүн сен дагы
Келатсаң гана ашыгым
Кай күнгө теңеп өзүмдү
Арнадым сага өзүмдү
Ар дайым турсаң эшитип
Алтыным деген сөзүңдү
Өзүндү күйүп жанганым
Өзүңсүң менин ардагым
Өмүрүм өтсүн сен менен
Өкүнбөйт элем ар дайым
Амантур Имашов & Анара Саякбаева — Арнадым сага өзүмдү тексти
Датасы: 08.12.2024 Көрүүлөр: 668