Датасы: 16.10.2020
Формат: mp3

Тынчтык керек тексти жана mp3

Тынчтык керек карыга да, жашка да,
Тынчтык керек кайыңга да, ташка да.
Апаат күнү жан-жаныбар өксүгөн,
Каректерден кадимкидей жаш тамат.

Кайырма:
Тынчтык керек назик гүлдөргө,
Наристенин сүйкүм күлкүсүнө.
Улан-кыздын ак пейилдүү,
Тунук сүйүүсүнө.

Тынчтык керек агып жаткан сууга да,
Тынчтык керек асманда учкан ак кууга да.
Согуш бузат таттуу уйкусун баарынын,
Асман-жердин ортосуна чуу салат.

Кайырма:

Согуш болсо, бардык нерсе жетимдей,
Калары анык кургап, соолуп, жетилбей.
Тынчтык керек, тынчтык керек андыктан,
Дүйнө бейкут турсун үчүн кетилбей.

 

Тынчтык керек ыры Кыз бурак тобунун аткаруусунда.

Тынчтык керек караоке

Тынчтык керек тексти — КЫЗ — БУРАК тобу: 22 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *