Аңкоонун жакшылыгы жамандыкка бир тең

Бир шахтын шахы өзүнүн ак шумкарын абыдан аярлап, бапестеп сүйчү экен. Бир курдай шумкар кушу учуп кетет да, бир кемпирдин чатырына барып конот. Кемпир аны кармап алып, канаттууга таңгалып карайт. Карайт да, шумкардын тумшугу ийрейип калыптыр деп ойлойт.

– Ай-ай, куурагыр! Мындай кыйшык тумшугуң менен жемди кантип чокуп жээр экенсиң? – деп мизи курч бычакты алып, тумшугун түп-түз кылып жонуп салат. Куштун ийри тумшугун түзөп салганына өзү ыраазы.
– Мына, – дейт, – жакшы болду, эми жемди оңой чокуп жейсиң.
Дейт да кемпир эми шумкардын буттарын көрүп, тырмактары өсүп кетиптир деп ойлойт.
– Эх, шордуу десе! Ушунча болуп өсүп кеткенче тырмагыңды кыркып койгон бирөө-жарым болгон жокпу? Тырмактарың узарып кеткен үчүн араң эле конуп отурган турбайсыңбы.
Анан ал шумкардын тырмактарын мулуйтуп кыркып салат. Куураган кемпир кушту аяп, жакшы көргөнүнөн улам шумкардын болгон кемчилигин «түзөйт».
Шахтын шахы өзүнүн ак шумкары жоголгонун угуп, кимде ким кыраан кушумду таап келсе, белек-бечкегиме бөлөнөт деген жарлык таратат. Элдин баары куш издеп дүрбөп, аны кемпирдин үйүнөн табышат. Көп өтпөй шахтын алдына анын аздектеп сүйгөн кушун таап келишет да, кемпир аны кандай сүйүп, шумкардын түйшүгүнө түйшөлүп, кандай абалга келип калганынан өйдө төкпөй-чачпай баяндап беришет.
Кыраан кушунун түрүн көргөн падышанын күйбөгөнү күл болот, бирок эч нерсе дей албайт. Айласы куруган падыша болгону: кушту эркиндикке учуртуп, мындай жосун жакшылыгы жамандыкка бир тең аңкоолордун гана колунан келерин айткан экен.
Андыктан, достор, эмне опурталдуу экенин билип алгыла: сага жакшылык каалаган досуң аңкоо болсо, анын кылганы – жамандыкка тете.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.