Датасы: 31.07.2020
Формат: mp3

Эркелеген эрке карындаш
Ортобузда билбейм канча жаш
Арбап алчудай шок мүнөзүндү
Сүйсөм жүрөк жанылбас
Ай жүзүндү менден жашырба
Бек турган жигитмин мен намыска
Кыпкызыл эриндеринен сенин
Кыялым учат алыска

Кайырма:
Карындаш ай кантейин
Сүйүүнүн гүлүн терип мен берейин
Булуттан кол булгалап келейин
Жылдызда болсон жетейин

Күлүп койсон тандын атканы
Кайгырганын күндүн батканы
Тунук жүзүндө ал уячанды
Мага тагдыр жазганы
Наздыгынан сүйүү жаралат
Кылыгын кайда алып баратат
Карындаш тал чыбыктай ий белин
Бардыгы сага жарашат

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *