Арстан күчүгүн асыраган мышык

25.11.2019 36
Арстан күчүгүн асыраган мышык

Арстан күчүгүн асыраган мышык аудиосун угуу

Бир мышык каңгып жүрүп өлүп жаткан арстанга жолугат да, анын жетим калган күчүгүн бооруна кысып, эмизип асырап алат. Арстандын күчүгү өсүп албарс азуулуу чоң арстан болот. Өз тамагын өзү таап жей баштайт.

Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот. Мышык анын бул оюн сезип, андан-мындан бир тийип талдын башына чыгып кетет. Ошондо Арстан Мышыкка:

— Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемден да ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп бакканда эмне үчүн тал башына атып чыкканды үйрөткөн жоксун,- дейт.

Анда мышык:

— Ой, айрымдуу балам! Сени кичинекейиңден боорума басып өстүрдүм. Билген акылымдын баарын үйрөттүм. Бирок кулкунуңдан коркуп, бир өнөрүмдү үйрөткөн жок элем, аным акыл болуптур, — дептир.