Лондон зоопаркында жапайы жаныбарлар көрсөтүлүп, акысына акча же ит-мышык алышкан экен. Ит-мышык жапайы жаныбарларга тамак катары берилген. 

Бир киши жаныбарларды көргүсү келип: көчөдөн итти кармап алып, зоопаркка алып келди. Аны киргизишип, итти болсо арстандын торуна тамак катары салып коюшту.

Ит куйругун кыпчып алып, тордун бурчуна жабышты. Арстан анын жанына келип, жыттады. Ит чалкасынан жатып, буттарын көтөрүп, куйругун булгалай баштады. Арстан буту менен оодарып салды. Ит секирип ордунан туруп, арткы буту менен арстандын маңдайында турду.

 

Арстан итти карап, башын ары-бери буруп, ага тийген жок. Ээси этти арстанга бергенде, арстан бир кесимди тиштеп, итке калтырып койду.

Зоопарктын жумушчусу арстанга эт бергенде, арстан бир кесимди жулуп, итке берип койду.

Арстан кечинде уктаганы жатса, ит анын жанына жатып, башын анын бутуна койуп алды. Ошондон бери ит арстан менен бир тордо жашап, арстан ага тийбей, тамак жеп, чогу уктап, кээде аны менен ойночу.

Арстан менен ит 2

Бир жолу бир киши зоопаркка келип, кыдырып жүрүп, өзүнүн итин арстандын клеткасынан көрүп таң калды.

Ит аныкы экенин айтып, зоопарктын директоруна аны берүүсүн өтүндү.

Итти арстандын клеткасынан алып чыгалы, — деп итти чакыра баштаганда, арстан ырылдады. Итти ала албай коюшту.

Ошентип, арстан менен ит бир жыл бою бир тордо жашашты. 

Бир жылдан кийин ит ооруп, өлүп калды. Арстан тамак жебей, итти жыттап, жалап буту менен тийип көрдү.Арстан иттин өлгөнүн билгенден кийин, ал ордунан ыргып туруп, тордо ары-бери чуркап, полду кемире баштады.

Бир күн тынч албай, туйлап жана өкүрдү, анан өлгөн иттин жанына жатып, унчукпай калды. Өлгөн итти алып чыгалы дейти эле, бирок арстан эч кимди жакын жолотпой койду. 

Ээси арстанга башка ит киргизсе, кайгысын унутат деп башка ит киргизсе, арстан дароо аны бөлүп-жарып салды.

Андан кийин ал өлгөн итти кучактап, беш күн жатты. Алтынчы күнү арстан өлүп калды.

Арстан менен ит 3

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок52
Акылдуу балдар31
Кыска жана күлкүлүү жомоктор29
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи20
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Арстан менен ит: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *