Тагдырдын көрүп жазганын, эй,
Таттуусу болдуң башканын.
Тамшанган менен жете албай,
Талпынып алыс жактамын.
Кайырма:
Түңүлбөй, бирок жүрөгүм,
Түпөйүл болуп жүрөмүн.
Түгөйүң болуп түндө мен,
Түшүңө кирип жүрөйүн.
Өзүң деп өтүп көп күнүм, эй,
Өксүдүм, жаным, өксүдүм.
Өткүнү болуп өзөктүн,
Өртүнө суу сээп өткөнүң.
Кайырма:
Мелис Абдрашитов — Түшүңө кирип жүрөйүн тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 110