Эзелки замандарда токойлуу жана суук Сибирь аймагында арстандар жашаптыр. Алар апсайып-саксайып узун жүндүү келип, катуу сууктан түк коркчу эмес экен.
Бир жолу арстан карышкырга кезигип калат:
— Ой, жиндиге окшоп кайда шашып?
— Өлүмдөн качып баратам!
— Сени ким өлтүрөт экен?
— Катуу чүчкүргүч. Бир жолу ал чүчкүрдү эле – агам өлдү. Экинчи чүчкүргөн соң – эжемден айрылдым. Үчүнчүсүндө – бутумду майып кылды. Көрчү, аксап жүрөм, – деди карышкыр шашмаланып.
Арстан айкырды: тоо кулап, токой шуудурап, асман ыйлады.
— Кана ошол катуу чүчкүргүч?! Мен аны тытып таштайм! Бир аягы тоодо, бир аягы сайда калат! Кана!? Кана!?..
— Ой, арстаке, ал сени да аябайт, кач андан көрө?
Арстан карышкырды тамактан бууйт:
— Көрсөт мага ошол катуу чүчкүргүчтү! Мен аны элеби?! Көрсөтпөсөң, азыр сени муунтам!
Экөө ээрчишип жөнөйт. Мал откоруп жүргөн балага кезигишет.
— Ушубу?! – Арстан азуусун бүлөп айкырат.
— Жок, бул эмес, бул али өсүп жетиле элеги.
Алар талаага чыгат. Бир дөңсөөдө абышка бада багып жүргөн.
— Ушулбу? – Ачуулуу арстан ушинтип сурады карыяны көрсөтүп.
— Жок, бул эмес, бул ашыкча чоңоюп, өсүп, карып кеткени.
Андан ары кетет. Аргымак ат минген, жонуна мылтык асынган мергенчиге кабылат эки жырткыч. Арстан суроосун бергенге үлгүрбөй калды, мергенчи мылтыгын сунуп, ок атылды. Арстандын апсайган узун жүнүнө от жабышты. Ал качып жөнөдү. Артынан карышкыр түштү. Далдоого келип бир пас тыным алды. Арстандын көзү алаңдап, жинди немедей ары кетет, бери кетет, жер чапкылап айкырат.
Карышкыр арстандан сурайт:
— Катуу чүчкүрөт бекен?
— Жаагыңды жап! Карабайсыңбы, мен жылаңач калдым! Куйругумдун учундагы кыл менен эле мынабул жалым калды! Ичики-ий, үшүп да кеттим!
— Эми бул катуу чүчкүрүктөн кантип аман калабыз?!
— Токойго чурка! Арылап кирип кет!
Карышкыр токойдун адам жетпеген ары жагына кирип кетет.
Арстан болсо адам буту баспаган талаа-чөлдөргө, ысык жактарга барып жашоо үчүн жолго чыгат.
Сибирден ошентип арстан башка тарапка ооп кеткен дешет жомокчулар.
Арстандар сибирден неге кетишкен?
Датасы: 25.11.2019 Көрүүлөр: 122