Датасы: 08.08.2024
Формат: mp3

Бар кайгамды айттырбай

Билип турган досум бар

Баардык жактан жогору

Бийик турган досум бар

Көлдөн келген жардамы

Тийип турган досум бар

Мыйыгынан табалап

Күлүп турган досум бар

Эй доке

Жүрөгүмдөн орун алдың сен да доке

Жакын адамым болуп калдың доке

Кубанычка толуп калдым доке

Акыреттик дос болобуз бирибирибизди сатпай

Түбөлүк бир болобуз кыянаттык кылбай

Жүрөгүм берем доке

Жүгүрүп келем доке

Жан дүйнөм сени менен доке

Мен кайгырсам кайгырып

Күлгөн кезде күлгөн бар

Далга тактап акырын

Пайдаланып жүргөн бар

Айттырбастан сырыңды

Абай салып билген бар

Душмандан да эң жаман

Дос тээрисин кийген бар

Эй доке

Жүрөгүмдөн орун алдың сен да доке

Жакын адамым болуп калдың доке

Кубанычка толуп калдым мен да доке

Доке

Бири-бирибизди сатпайлычы

Доке

Ишеничти актайлычы

Доке

Жаман жолго баспайлычы доке

Доке

Кээ бирөөсү байып кетти

Жаза басып тайып кетти

Ишенгениң сатып кетти

Өкүнүчкө салып кетти

Ошентсе да бирге бололу

Тийип турган күн бололу

Жүрөгүмдө жашайсыңар

Өмүр бою бир бололу

Кандай учур болбосун

Колдоп турган досум бар

Жаман сөзгө калтырбай

Коргоп турган досум бар

Өзүнүн да пайдасын

Ойлоп турган досум бар

Мен кыйналсам табалап

Кордоп турган досум бар

Доке

Жүрөгүмдөн орун алдың сен да доке

Жакын адамым болуп калдың доке

Кубанычка толуп калды мен да доке

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *