Асан жана Үсөн

Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, эми хан алмак болду. Бирок Сулуучач тийбей койду. Хан каарданып, Сулуучачтын малмүлкүн, үйжайын бүт тартып алды. Жесир аял жана жетим балдар эч немеси жок, итке минип калышты. Сулуучач кепенин түбүндө балдары менен ыйлап отурса, кандайдыр бир чаар тоок чуркап келип, көп жумуртка тууп жиберди.

Асан жана Үсөн mp3 угуу


Мына ошондон тарта булар күн сайын тууган чаар тооктун жумурткасы менен оокат кылышты.
— Мен аларга жээр тамак, ичээр суу койгон жок элем, эми кантип оокат кылып жатышканын көрүп келейин, — деп хан Сулуучачтын үйүне келип, короодо жүргөн чаар тоокту көрүп ачууланып:
Мына бул тоокту мага союп бергиле, — деп буйрук кыла сүйлөп, езү уктап жатып алды.
Сулуучач көзүнүн жашын көл кылып өтүнсө, хан макул болбой койду. Акыры айласыздан тоокту союп, казанга бышыра баштаган кезде, Асан менен Үсөн келип тамак сурап калышты. Сулуучач Асанга тооктун жүрөгүн, кичүүсү Үсөнгө боорун чыгарып берди. Хан ойгонгондо, тооктун этин бүт бойдон анын алдьша койду. Хан этти ары карап, бери карап:
— Жүрөгү менен боору кайда? Тезинен таап кел! — деди.
Аял жүрөк менен боорду балдарына бергенин айтты.
— Менден буйруксуз эмне үчүн бересиң? — деп хан Сулуучачты ура кетти. Дал ошондо кепени жандап өтүп бараткан касапчы кайрылып токтой калды:
— Ханым, аялды уруп эмне кыласың? Балдарынан таптырып албайсызбы!—деди.
— Эмесе балдардын жүрөгү менен боорун алып бересиң! — деп хан касапчыга буюрду.
— Балдарымды жебей, мени же! — деп Сулуучач өкүрүпөксүп ыйлап жатты. Өлтүрүш үчүн касапчы четке жетелеген эки бала катуу чьщырып:
— Жакшылыгьщды унутпайлы, касапчы аке, биздин убалыбызга калбаңыз! — дешти.
Асмандан бир кара куш учуп баратып:
— Ой, касапчы, балдардын жазасы жок, ханга теделип, балдардын убалына калба, каны мойнуңа кетет, коё бергин! — деди.
Бул сөздөн коркуп, эсине келген касапчы балдардын киймин чечтирип алып, өздөрүн коё берди; ордуна эки мышыкты союп, жүрөгү менен боорун бышырып, эки баланын киймин канга боёп, ханга алып келип берди. Хан жүрөк менен боорду жеп, үч күндөн кийин жинди болуп өлдү.
Асан менен Үсөн касапчыдан кутулар замат жылаңач, жылаңайлак бойдон туш келген тарапка качып жөыөшкөн. Күнүтүнү жол жүрүштү. Курсактары ачты, эриндери кеберсиди. Бир күнү жолдо кудукка туш келишти. Кудук терең экен, суу алып ичүүгө булардын эки көзү төрт болду. Ары ойлоп, бери ойлоп туруп, камыштан жип эшти да, Асан кичүүсү Үсөндү белинен байлап кудукка түшүрдү. Суусап каны каткан Үсөн кудуктагы сууну жута эле берди. Курсагы тарсайып чыкканын да эч сезген жок. Сууну ете көп ичкен себептүү денеси оор болуп, Асан кайра тартканда камыш жип үзүлүп кетти. Асандын айласы канча: безеленип ыйлап, акыры чарчаганда кудуктун жанындагы теректин түбүнө уктап калды…
Ошол кудукка жакын бир шаардын ханы өлүп, анын ордуна мурасчысы жок болгондуктан ар ким «мен хан болом» деп чоң чатак чыккан экен. Эң акырында элдин баары: «Хандын кушун учуралы, кимге консо, ошол хан болсун» дешип кушту учурушту. Куш асман менен айланып отуруп, баягы Асан уктаган теректин башына келип конду. Артынан эл келип караса, теректин түбүндө бир бала уктап жатыптыр.
— Бала жаш экен! — дешти кай бирөөлөр. Бирок көпчүлүк бүт чуулдап:
— Мейли, ,жаш болсо да биздин эмки хан ушул! — дешип баланы ойготушту.
Асан өзүн тегеректеп турган элди көргөндө: «Мени кармаганы издеп чыккан эл экен» деп аябай коркуп ыйлап жиберди. Эл баланы кийинтип, хандын тактысына отургузду. Ошентип ал хан болуп, кудуктун түбүндө калган инисин эсинен чыгарып салды.
Эми сөз Үсөн жөнүндө болсун… Үсөн кудуктун түбүндө тац атканча жатты. Күн шашке ченде бир абышка чака менен атын сугарып, анын түбүндөгү баланы керүп, аркан салып чыгарып алды. Этине кир жугузбай, өзүн тил тийгизбей багып калды. Абышкакемпир Үсөндүн түкүргөн түкүрүгү күмүш экенин көргөндөн тарта аны улам жыйнап, базарга сата берип, акыры байып кетишти… Күндө кечинде шаардын ичинен кыйкырыкчуу, каткырыккүлкү чыгат. Үсөн аны дайыма угуп жүрдү. ‘ Бир жолу абышкадан:
— Ата, бул эмне чуу? — деп сурады. Атасы сыр жашырып:
— Ким билсин, балам, — деп койду. Эртеси энесинен сурады.
— Аны сен сурабасаң, мен айтпасам болот эле. Бирок сурап калдьщ, балам… эми айтпаска эч айла жок,— деди энеси.— Бул шаарда Мыскал аттуу кумарчы кыз бар. Аны менен кумар ойногондор езүн кошо уттуруп жиберет. Балам, сен балалык кылып, ага жолой көрбе, кумардан жаман эч нерсе жок.
Муну уккандан кийин Үсөн атаэнесине сыр айтпастан, алар уктар замат үйдөн чыгып, Мыскалга барып, кумар ойноп жүрдү. Мыскалдын бардык дүнүйөсүн утуп алды; ойной турган эч нерсеси калбаган соң, Үсөндү ал амал менен утмак болду да, атайы конокко чакырып, аракка аябай мас кылып, жеген тамагын бүт кустурду. Эң акырында Үсөндүн оозундагы баягы чаар тооктун боору ыргып кетти. Ошол боордун керемети менен Үсөн күмүш түкүрүп, Мыскалды дайым утуп жүрүптүр. Мыскал боорду ала коюп, сууга чайкап жутуп жиберди. Үсен эс алгандан кийин экөө кайра ойноду. Азыр Мыскал ута баштады. Үсөн уттура баштап, баягы уткандарына кошуп атасынын малымүлкүн бүт уттурду. Абышканын үйүндө көзгө көрүнөр же колго илинер эч нерсе калган жок.
«Эми мында жүрүшүм болбойт, энеатамдын жүзүн кантип көрөм» деп ойлоп, Үсен шаардан чыгып кетти. Жолдо кызыл чеке болуп мушташып жаткан үч жигитке жолукту да, салам айтты:
— Талашыңар эмне? — деп сурады.
— Биз үчөөбүз бир тууганбыз. Атам өлгендө андан үч нерсе калган: бир таяк, бир дасторкон, бир сабаа. Булардын ар биринин керемети бар. Эгер «Уч, таягым, уч!» десең — самаган жериңе жетесиң да каалаган ишиң орундалат. Эгер сабаага: «Тол сабаа!» десең — коюу айран же бал кымыз ошол замат толот. Ал эми дасторконго «Тол, дасторкон, тол!» десең — дүйүм тамактын баары толот да калат. Биздин ар бирибиз таякты алгыбыз келет. Бизге калыс болуп берсең кантет? — дешти берки үчөө.
Үсөн ары басып, бери басып ойлонуп туруп айтты:
— Жакшы болот, калыстык кылып берейин. Үчеөң жарышкыла: ким чыкса таяк ошонуку, калганыңар дасторкон менен сабааны алгыла.
Үчөө жарышканы кеткенде, Үсөн таякты алды да: «Уч, таягым, уч Айланам көл, ортосунда, арал болсун… Мыскал кыз жанымда отурсун, айтканым азыр орундалсын» — деп айтар замат бардыгы даяр болду. Мыскал кыз жанында отурду.
Үсөн Мыскалды мас кылып, ичкенжегенин бүт кустуруп, баягы боорду кайра өзү жутуп алды. Анан Мыскал экөе кумар ойноду. Бул сапарда Мыскалды таптэкыр утуп, итке мингизди. Мыскал эмне кыларын билбей, акыры Үсөнгө дагы аракшарап берди. Бирок Үсои куспай койду. Үсөн мас болуп уктагандан кийин: «Уч, таягым, уч!» — деди да, кыз өз шаарына учуп кетти.
Үсөн ойгонор замат иштин жөнүн түшүнүп: «Кумар ойноо эң жаман экенин энем туура айтыптыр, эми эч ойнобойм» деп, ичинен убада кылып, дагы жолго түштү. Аябай чарчап, жол боюндагы топ теректин түбүндө эс алып жатты. Бир маалда Үсөндүн жанындагы теректерге конгон көгүчкөндер:
— Ушул жерде эч ким жок окшойт. Өзүбүзчө сырдашып алалы,— деп сөзгө киришти.
— Мен конуп отурган теректин түбүндө кызыл алма бар, аны жыттаган адамдын өңү кызыл болот,—деди кызылала көгүчкөн.
Анда акала моюн көгүчкөн:
— Мен конгондун түбүнде ак алма бар, аны жыттаган кишинин жүзү ак болот,— деди.
— Мен отургандын түбүндө,— деди көкала моюн көгүчкөн,— кек алма бар, аны жыттаган аял тырышкан кек бет кемпир болот.
Көгүчкөндөрдүн сырын Үсөн бүт угуп алды да, алар учуп кеткенДен кийин баягылар айткан теректин түбүндөгү алмаларды бүт жыйнап, анан Мыскалдын шаарына келди. Үсөн шаардагы кишилерге ак алма жыттатып — ак, кызыл алма жыттатып — кызыл жүздүү кылып, далайын жашартты. Бул кабарды угуп, алма жытташ үчүп Мыскал да келди. Үсөн ага кек алманы жыттатып, бырышкантырышкан көк кемпир кылып салды.
Мыскал Үсөнгөн жалыныпжалбарып:
— Таягыңды берейин, агаңды кошо таап берейин, кумар ойнобоюн, кайра жашарт,— деди.
Үсөн макул болуп, таягын алып, Мыскалга эми кызыл алма жыттатып, мурункудан да сулуу кыз кылды. Анан таяктын жардамы менен агасын таап, экөө тең кубанычка батып, кыса кучакташып көрүштү. Мыскалды Асанга алып берди. Кайра элине келип, Сулуучач энесин таап, Үсөндү багып алган абышкакемпир бардыгы баш кошуп, жыргапкуунап жатып калышты… Ошондон тартып: «Кумар ойносон, курудуң» деген сөз калыптыр.

Окшош чыгармалар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *