Датасы: 19.07.2024
Формат: mp3

Бир гана тамчысындай булагымдын

Бир гана шынгырыңдай жылаажыңдын.

Сагындым мөлтүрөгөн махабатты

Сагындым жылмайганың ынагымдын

Бир гана уучтамыңдай турпагымдын

Бир гана жыттамыңдай гулзарымдын

Сагындым асыл заттын жан турпатын

Сагындым сагынычка мен багындым

Сагынуу карегимди жарып кетти

Сагынуу бүт уйкумду алып кетти

Сагынуу сар жоргосуң төгүп берип

Нөшөрлөп жаш өмүрүм агып кетти

Сагынуу жашыл тоодо аксап жүрөт

Сүйүүсүн сары майдай сактап жүрөт

Энеден эрте калган жаш улактай

Элеңдеп эрмен терип какшап жүрөт.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *