Илгери бир акылдуу карыя жашаптыр. Анда бийлик болбосо да, ошол чөлкөмдүн эли ага баш ийип, ар бир кеңешин кабыл алып, акыл сурап турушчу экен. Анын үч уулу болот. Уулдары эр жетип, эл керегине жарар мезгилде чакырып алып:

— Уулдарым! Мына, баарыңар эр жетип, өз алдынча турмуш кура турган мезгилге келдиңер. Менин өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Маңдай терим менен тапкан  байлыгымды мураска калтырууга да убакыт жакындады. 

Мурасты бөлбөй, бириңе гана калтырууну туура көрдүм. Бул үчун менин бир каалоом бар, ошону туура, так аткарышыңар керек Ал – мага кимиң көбүрөк окшош болуп же дал өзүмдөй кейипте боло алсаңар баары ошонуку, — дейт.

Ошентип уулдарына бир жылдык убакыт  берет.

Күндөр зыпылдап учат. Уулдары ата сөзүн аткарууга бел байлашат. Бирок кантип?

Бири – эл-жер кыдырып кетет. “Атама эң эле окшошу менмин. Атамдын мурасын мен албаганда ким алмак эле…”- деп өзүнүн атасына сырт түзүлүшү куюп койгондой окшошуна ыраазы болот. Жолуккан адамдарга өз атасынын мураскери экенин даңазалайт. Атасына абдан окшош экенин кубануу менен айтып берет…

Экинчиси үйдө калып, атасынын ар бир кыймылын, баскан-турганын, кыялдарын туурап, окшош болууга аракет кылат. Карыган атасына жүзү көбүрөк окшошот деген ой менен сакал коюп, кары адамдай сүйлөп, ары-бери жөн гана басып жүрө берүүнү адат кылат.

Үчүнчүсү ойлонуп отурат да, атасы калтырчу  мурасты агаларына ыраа көрөт. “Агаларым турганда, мен мурас талашамбы? Мүмкүн улуу агам, балким кичүү агам алып калар… Алар атамдын мурасын алып калуусу – менин да каалоом”, — дейт да, атасынын айтканын аткарууга аракет кылбайт. Ошентип, бала кезден мээнеткеч жигит жер иштетип, мал багат. Бош боло калганда билим-илимдин артынан түшүп китеп окуйт. Кембагалдардын кем-карчын угуп, тапкан-ташыганынан аларга да бөлүп берип, калктын камын көрөт.

Арадан бир жыл өтүп, уулдары атага учурашууга, анын мурасын алууга келишет. Кимибизге берер экен деген ой менен эки уулу бири-бирин карап, атасына болгон окшоштукту издешет. Үчүнчү бала эч кандай мурасты ойлобойт. Ал бир жыл ичинде атасына учурашууга бат-бат барып турчу. Ошондой күндөрдүн биринде:

— Ии балдарым, мага кандай жагыңар менен окшошууга аракет кылдыңар? — дейт карыя, уулдары менен учурашкан соң.

Биринчиси эл-жер кыдырганын, аракет кылса, кылбаса да атасына абдан окшош кылып Кудайдын жаратканын айтат.  Экинчиси, атасын туурап сакал койгонун, баскан-турганы, сүйлөгөн сөздөрү ага  опокшош экенин айтып, көрсөтүп да берет. Булардын мындай кылыктарын карап отурган карыянын көңүлү чөгөт.

— Ии, — дейт үчүнчү уулуна, сен эмне менен кубандырасың? — деп какшык аралаш суроо узатат.

— Ата, мени кечириңиз, — дейт анда уулу: — Мен сиздин ал сөзүңүздү эсимен чыгарып деле коюпмун. Анын үстүнө мурасты улуу агаларыма ыраа көрдүм эле. Иш менен алагды болдум. Эл менен болдум. Жер иштетип, мал бактым. Билим алып, китеп окудум. Башка эч жаңылыгым жок, — дейт башын жерге салып.

— Оп бали, балам! Сен менин дал өзүм болуптурсуң! Мен да бул даражага эмгек менен жеткем. Менин жолумду жолдоор өзүң экенсиң! Бул эки агаңа тирөөч болуп, жол көрсөтөр, акыл айтар да өзүң экенсиң! Баарынан да элди ээрчитип кетер, аларга насаатчы болор, алардын кем-карчын билип, арыз-муңун угар сен экенсиң! Байлык менен бийлигимди жоготпой, кадыр-баркымды түшүрбөй, кийинки урпакка жеткирер көкүрөк күчүгүм бар экен го! — дейт кубанып.

Ошентип кичүү уулуна бийлик-байлыгын да, кадыр-баркын да өткөрүп берген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы39
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Акылдуу балдар30
Кырк калп жомок25
Көмөч нан (колобок) жомок23
Карышкыр жана жети улак18
Карышкыр менен эчки18
Коён менен кирпи18
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *