Бир абышканын үй сала турган жыгачка акчасы жетпегендиктен өмүр бою үңкүрдө жашаптыр. Анын аялынын да ушул  үңкүрдө өмүрү өтүп, ажалы да ушул муздак таштан турган жайда жетиптир. Өзүлөрү ушундай  тагдырга туш келгени аз келгенсип, алардын баласы да ошол үңкүрдө жашаганы калыптыр.

Ошентип карыя өмүрүнүн акыркы сааттары өтүп жатканын сезгени менен ажалдан коркпостон уулунун жайдак өтчү өмүрүнө кайгырып жатты.

Жетишпеген жашоодо кыйналса дагы ак өмүр сүргөн ал өлөрүндө Алладан бир сыр көрүп, мындан улам көңүлү жаркып, көздөрү нурдана түшөт да уулун өзүнө чакырып мындай керээзин айтат:

— Мени көрүстөндүн эң этегиндеги таштак жерге жашыр дагы, мүрзөмдү айланта топурак менен тосуп кой. Антпесең бир жумага жетпеген убакта менин сөөгүмдөн өсүп чыккан ажайып  дарактын көчөтүн мал жеп кетиши мүмкүн. Ошол мен айткан дарак бат эле бой көтөрөт. Анын негизги өзөгүнө тийбей чачырап өсүп чыккан бутактарын кыйып, өзүңө үй куруп ал.

Ушинтип акыркы сөзүн айткан карыя жарык дүйнө менен коштошуп кете берет. Атасынын айтканы боюнча көрүстөндүн эң этегиндеги жалаң эле шыгырап таш чыккан жерди казып, атасынын сөөгүн жашырган соң, өсүп чыкчу даракты коргош үчүн айланта дубал сого баштаган баланы көргөн айылдаштары:

— Тирүүсүндө төрт дубалдын ортосунда жашабаган атаңды эми өлгөндөн кийин үйлүү кылган атасыңбы? — деп шылдыңдашканда бала атасынын айтуусу боюнча өзүнүн сөөгүнөн бир жумага жетпеген убакта дарак өсүп чыгарын керээз катары айтканын билдирди эле, алар: — Ушундай таштак жерге каяктан дарак өсмөк эле! — деп ого бетер күлүштү.

Бирок үч күн өтпөй мүрзөдөн жаш чырпык өсүп чыгып, бир жумага жетпей эле чоң даракка айланды. Атасынын керээзи боюнча бала анын жогорку бутактарын кыйып, үйдүн устунуна жаратмакчы болгондо айылдаштары баягы шылдыңдагандарын унутуп, бул капыстан өсүп чыккан даракты жалпы айылдыкы деп жарыялашып, балага бир дагы бутагын бербей коюшту. Бул дарак атасынын сөөгүнөн өсүп чыккандыктан бир өзүнө гана тиешелүү  экенин канчалык чебеленип түшүндүрсө дагы айылдаштары ийикпегенде бала атасынын арбагына кайрылып, даракты башка жерге которуп берүүсүн суранат. Ошентип айылдаштар даракты балага бербей кайтарып турушканда дарак ордунан көтөрүлүп, асмандап учуп барып кошуна айылга конуп, жерге терең тамыр жая өсүп туруп калат. Туура эмес кылгандарын моюндарына алышып, дароо эле баладан кечирим сурашып, дарактан кыйылган устундардын бир бөлүгүн өзүнө берүүнү убадалаган айылдаштарына ишенбеген бала дарактын артынан жөнөйт.

Бала келсе дарак орношкон кыштактын эли аны тегеректеп турган болот. Алар менен жайдары учурашкан бала өзүнүн жөн-жайын түшүндүрүп, дарак өзүнүкү экенин тастыктайт. Айылдын эли буга ишенип, дарагы менен бул кыштакта кала беришине уруксат кылышат, ал тургай үй куруусуна да жер бөлүп беришет. Ошентип бала дарактын бутактарын кыйып өзүнө там салып алат. Анткени менен баарынан кызыгы, дарактын бутактары кайрадан бат эле жетилип, көкөлөп өсүп чыга калат. Аларды кыйган бала жаңы айылдаштарына тартуулайт. Ошентип дарак өскөн сайын кыштак элине жардам берген бала акыры алардын жыгач устунга болгон муктаждыгын аткарган соң, дарак жыгачтарын өзү үчүн пайдаланып, өмүр бою кем-карчсыз жашоодо жетиштүү жашап өтөт.

Ал эми баланын мурунку ач көз айылдаштары мындай байлыкты колдорунан чыгаргандарына өмүр бою өкүнүшкөн дешет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок38
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *