Илгери-илгери бир Абдылда аттуу ото кайрымдуу колу ачык, ээримдүү, берешен, адилеттикти сүйгөн, кадыр-барктуу бай дам жашап, ал эч бир адамды куру-кол калтырбастан, ар дайым адамдарга жардам берчү экен.

Абдылданын үч уулу жана аларга атаган эки короо менен өтө кооз өстүрүлгөн чоң багы бар эле. Бир күнү Абдылда уулдарын алдына чакырып:

— Балдарым мен эми карыдым, бир топ жашка бардым. Көзүмдүн тирүүсүндө бак менен короолорду силерге тапшырмакмын. Өз ара келишип, бирөөнөр бакты, экинчиңер короо жайларды бөлүшүп алгыла, — деди.

Балдарынын бирөө дагы короо-жайларга ыраазы болушпады, бакты гана талап кылышты. Абдылда ата уулдарынын келише алышпагандыгын көрүп, бир азга ойлонуп тургандан кийин мындай деди:

— Балдарым, бак менен короо-жайлар тууралуу келише албаганынарды көрүп, мен мындай ойго келдим: баарынар саякат кылып, бүтүндей жер жүзүн айланып чыккыла, кимдир бирөөнөр мага эн кымбат баалуу таш алып келсеңер, бакты ошол уулума беремин, уктуңарбы?

Үч уулу эң кымбат баалуу асыл таш таап келүү үмүтү менен саякатка чыгып кетишти. Улуу уулу бир нече ай жүрүп, араб уруусу жайгашкан жерге келди. Ал уруу башчысынын таажысындагы кымбат баалуу жакутту көрүп калды. Ошол замат аны менен таанышып, ага соогат катары бир канча нерсени тартуу кылды. Андан соң ошол жакутту эстелик үчүн берүүсүн суранды. Ал дагы аны макул корүп, жакутту анын колуна тапшырды. Ошентип, чок уулу сүйүнүч менен үйүнө кайтты.

— Уулум чынында эле өтө кымбат баалуу таш алып келген экенсиң. Эми сабыр кылгын. Инилериң дагы кандай кымбат баалуу таш алып келишер экен. Ошондон кийин гана бак маселесин чечебиз.

Ортончу уулу да кымбат таш издеп, бир деңиздин боюна жетип келди. Ал жерде суучулдар сууга түнгүп, деңиз түбүнөн кымбат баалуу таштарды алып чыгышты. Ортончу уулу башынан өткөн баардык окуяларды айтып, алардан жардам сурады. Суучулдардын ырайымы келип, ага бир кымбат баалуу ташты тартуу кылышты.

Ортончу уулу алып келген кымбат баалуу ташты алып:

Уулум сен дагы өтө кымбат баалуу таш алып келипсин. Сабыр кылып тургун, иниң келсин, балким ал дагы кымбат баалуу асыл таш алып келүүсү ыктымал. Баарынардын алып келгениңерди салыштырып көрүп, ким эң кымбат баалуу таш алып келсе бакты ошол уулума беремин, — деп улуусуна айткан сөзүн кайталады.

Кичүү уулу алты ай жер кезип жүрүп, эч кайдан кымбат баалуу асыл таш таба албады. Акырында үмүтсүз бойдон үйүнө кайтууга мажбур болду. Үйүнө жакын калган убакта абдан катуу чарчаганынан дем алганы бир короонун эшигинин түбүнө келип отурду. Короонун ичинен ый угулуп жатты. Кичүү уул тан калып, короого кирди. Короонун ортосунда өлгон уйду кучактап үч жаш бала ыйлап жатты. Ата-энеси да көз жашын төгүп отурат. Короонун ээси менен учурашып, алардын ыйынын себебин сурады. Ал адам, өз абалын баяндоого киришти.

— Ушул уюбуз үй-бүлөнү бакчу эле. Анан сүт саап оокат кылчубуз, эми кантип жан сактайбыз, — деп ыйлап отурабыз.

Кичүү уул аларды ээрчитип барып, базардан сүттүү уй сатып берип, тамак ашына жеткидей акча таштады. Балдар сүйүнгөнүнөн жигитти кучактап, анын жоомарттыгына сүйүнүп, ата-энеси сүйүнгөнүнөн ыйлап ыраазылыгын билдирип, батасын берип жатты. Жигит жаш балдарды өөп аларды эркелетип, ата-энеси менен коштошуп үйүно жөнөдү.

Жоомарт, адамгерчиликтуү кичүү уул, уйүно келип, ата-энеси жана агалары менен учурашты.

Сен дагы кымбат баалуу таш алып келдиңби? — деп сурады. Уулу эч кандай кымбат баалуу таш таап келе албагандыгын, болуп өткөн окуяны баштан аяк айтып берди.

Абдылда ата баласынын адамгерчилигине, жоомарттыгына ыраазы болуп: «Уулум, сен чыныгы атанын уулу экениңди билдирдин. Сен ошол бечарага жардам берип, адамдык милдетинди өтөгөнсүң. Мага сенин жасаган жакшы ишиң, миңдеген кымбат баалуу асыл таштардан кымбат эмеспи. Багымды сага бердим. Бул бакка эгедер болууга бир өзүң гана акылуусуң» дептир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Атанын осуяты жомок: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *