Датасы: 04.04.2024
Формат: mp3

Тумчугуп жашоом туман
Чыйрыгып көзүм жумам
Тунгуюк бул жашоодон
Түгөндү такыр аргам

Тажадым бул чөйрөдөн
Тажадым ушул көйгөйдөн
Алсырап кууруп барам
Үн салчу тээ өйдөдөн
Мен деле адам болуп
Алыска сызгым келет
Жубайым эркелетип
Боорума кыскым келет
Түгөйүм эркелетип
Боорума кыскым келет

Арданам арданамын
Неге артта кармалгамын
Жаш кезде менин деле
Жакшы эле самагамын

Ата энем күнөөлөбө
Чалынган тагдырыма
Башынан баарын баштайм
Буйруса баары алдыда

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *