Кеч күз. Асмандагы сүрүлгөн булуттар кез-кез муздак

жамгырын төгүп өтөт. Бир күнү апам: «Арыктагы суу кай-
мактап калыптыр», ‒ деди.

Барып көрсөм, арыктын бетин жалтыраган муз каптап,
анын астындагы суу чулдурап агып жатат. Апама келдим да:
‒ Суунун каймагы жок тура, ‒ дедим.
‒ Бетиндеги жука музду суунун каймагы дейт, ‒ деди
апам.
‒ Аны ким жасады?
‒ Аяз ата келе баштабадыбы? Түн ичинде ошол жасаган
тура.
Аяз атаны көрбөй, анын сууну кантип каймактатып муз
кылганын билбей калганыма аябай өкүндүм.
Эртеси кечке асман түнөрүп, самсаалап кар жаап турду.
Кечке жуук чыгыштан бир аз шамал жүрдү да түнөргөн
булуттарды алда кайда айдап кетти. Түн киргенде асман-

Акылдуу балдар

да Ай жаркырап көрүнүп турду. Айрыкча үйдөгү жарык өч-
көндөн кийин терезеден бадырайган жылдыздарды тиктеп

жатып уктап калыпмын.
Апам эрте менен ойготуп:
‒ Карасаң, сен уктап жатканда Аяз ата келип, терезеге
гүл тартып койгон тура, ‒ деп терезенин айнегин көрсөттү.
Чын эле сырт көрүнбөйт. Терезенин айнегинен бир да

жылчык калтырбай кооз гүлдөр менен ар түрдүү жалбы-
рактын сүрөтү каптап калыптыр. Деги эле мындай сүрөттү

биздин класстан эч ким тарта алгыдай эмес.
‒ Аяз ата кайда? ‒ деп сурадым апамдан.
‒ Сыртта жүрөт.

Шашкан бойдон жүгүрүп эшикке чыгып, эки жакты кара-
дым. Айлана аппак кар. Бак-дарактар ак тон кийген адам-
дай дүпүйөт. Ал жактан да Аяз атаны көрө албадым. Бетим

менен колумдун учтары, кулак, мурдум кошо бирөө чым-
чылагандай тызылдап чыкты. Аяз атаны көпкө күтө албай

үйгө кире качтым.

‒ Аяз ата көрүнбөйт, кетип калган окшойт, ‒ дедим апа-
ма таарынчымды билдирип.

‒ Эмне үчүн кетмек эле, ‒ деди апам жай гана, ‒ бетиң
менен кулагыңды тызылдата чымчып ким кызартты?
Кызык. Көрсө кулак, мурдумду тызылдата чымчыган Аяз
ата тура.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Аяз ата: 8 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *