Датасы: 16.02.2018
Формат: mp3

Айлуу түн түнкүсүн,
Сен жанымда жүрчүсүң.
Каткырып мен күлгөндө,
Сен да кошо күлчүсүң.

Капкара кашыңдан,
Кундуздай болгон чачыңдан,
Мен ашык болгон элем,
Сен он сегиз жашыңдан.

Сүйгөнүм, сүйгөнүм,
Сени даалай күткөнмүн.
А бирок, сен билбепсиң,
Менин күтүп жүргөнүм.

Таарынам, таарынам,
Мен тагдырга таарынам.
Баарынан жаман экен,
Сүйгөнүңдөн айрылган.

Айлуу түн тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *