Теңтештар чоң көчө боюнда
Ышкырып обон салат
Көчөгө чыкты бир сулуу кыз
Көйкөйүп чачын сылап
Көргөндө көздөрү карагат
Баарыбыз ашык болуп
Дос балдар биринен кызганат
Чоң көчө шаңга толуп
Айылдын көчөсүн аралап
Ал сулуу кайда барат
Ансайын бакытка жетелеп
Жүрөктөн орун алат
Айылдан узаба шаардык кыз
Ашыкбыз баарыбыз
Айды алып берейин өзүңө
Айылда эле калыңыз
Кол булгалап чакырсам токтобой
Артыңдан мен барамын
Биразга көңүлүң буруп кой
Сүйүүмдү мен айтайын
Сөз айтсам өзүңө эркелеп
Кылыктанасың
Түбөлүк колуңдан жетелеп
Жанаша бир басайы
Азамат Аалиев — Шаардык кыз тексти
Датасы: 24.11.2022 Көрүүлөр: 6261