Датасы: 20.03.2023
Формат: mp3

Сулуулуктун керемети өңдөнүп
Сан гүлдөрүң кумар отун жандырган
Жараткандын бактысындай жайкалып
Көркөмдүгүң көз моокумун кандырат

Кыргызстан эркиндиктин бешиги
Кыргыз эли бак-таалайга жеткен жер
Бабалары ой кырларын кезген жер
Ата салтын бизге таштап кеткен жер

Кайырма;

Бар бол бар бол кыргызым

Калпагындай асман тиреп кыргыздын
Калкыбызга кубат берет тоолоруң
Кылымдарды кылдарына жашырып
Комуз таңшыйт сактайт кыргыз зоолорун

Жамгырларың жакшылыкка ыйласын
Кыргызстан түбөлүгүбүз кымбатым
Урпактар да улам сыймык жыйнасын
Суктандырып арта берсин сымбатым

Акындардын ырларындай агылып
Дайраларың жеткен жерге күүлөнүп
Күндөп-түндөп күркүлдөтүп шарпылдап
Ысык-Көлүм Манас айтат түбөлүк

Бактарынан мөмө-жемиш төгүлөт
Кыргызстан төрдүлүк бол жайкын төр
Жанын сайып сактап келген бабалар
Кыргызстан байлыгы бол алтын төр

Один комментарий к “Баатыр Рысалиев & Ширин Сарыгулова — Кыргыз жери тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *