Датасы: 24.09.2020
Формат: mp3

Сагынамын, санаам тынбайт, алыстасаң,
Озун болдуң жүрөгүмдөн орун тапкан,
Биздин бакыт, биздин сүйүү — махабат дастан.
Түбөлүккө бакыт жолун тандаганбыз,
Келечекке кадам таштап, байланганбыз,
Болгом жарың, махабатың, түбөлүк жаның.
Кайырма:
Жараткан берген,
Жүрөк ээлеген.
Балдай сезимдин бүт керемети,
Жалгыз сүйүүм сен.
Мен бакытым сен дейм,
Башкага бербейм,
Бакытым сен дейм.
Кыйналганда колдоп турган махабатым,
Ааламда жок жылуулукту сенден таптым.
Бул дүйнөдө баасы чексиз өзүңсүң жаным.
Жүрөгүмдө сезимдерим оттой жана,
Жашырбадым ал сезимди бул кайрыкта.
Бир бололу, кылым басып, жүрүп жанаша.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *