Сага деген сезимим ойгонду,
Сени мага буйруп койгонбу.
Көрүп эле дароо жактырдым,
Купулума чындап толгонбу.
Карегиңден мээрим төгүлөт.
Карап турсаң оюум бөлүнөт.
Кетким келбей турам жаныңда,
Келечегим сенден көрүнөт.
Кайырма:
Жүрөгүмө сүйүү салдыңбы?
Таппай калдым эми аргамды.
Жалындаган улуу махабат.
Жүрөгүмдү ээлеп алганбы.
Сени сүйүү мага анатомия
Мен үчүн бирок суйуу фобия
Кол кармашып туболук бактылуу
Кургум келет өзүң менен окуя
Сени көргөндө өзгөрөт координат
Тартылуу кучу жаралат багыттап
Көнүп алганда көңүлдү калдырба
Колумду сунам келчи жаныма
Кайырма:
Жүрөгүмө сүйүү салдыңбы?
Таппай калдым эми аргамды.
Жалындаган улуу махабат.
Жүрөгүмдү ээлеп алганбы.
Бакыт Сейитбеков — Фобия тексти
Датасы: 22.02.2026 Көрүүлөр: 3247

Оа жакты