Бала жана ак куулар

Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Асман, көлдө шат курар.
Барбы сүйгөн ишиңер,
Барбы өнөр күчүңөр,
Баркын билип жактырар?
Ак куулар:
‒ Көлдө учуп каркылдап,
Күнгө канат жаркылдап,
Ала-Тоодо айланып,
Ага тагдыр байланып,
Ак сүйүүбүз артылмак.
Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Айдың-Көлдү карк кылар.
Учар түрүң белендеп,
Кээде коркуп элеңдеп,
Кетет неге шаштыңар?

Бала жана ак куулар 3

Ак куулар:
‒ Айрым тентек мергендер,
Арбайган ач чеңгелдер,
Аңдып бизди келет ‒ деп,
Ак куу канын төгөт ‒ деп,
Үрөй учуп ошондон,
Үрпөйүңкү жүдөйбүз.
Аяп бизди адамзат,
Атпаса экен деп тилейбиз.
Бала:
‒ Ай, ак куулар, ак куулар,
Адам сыйын жактырар.
Алыс учуп кетпечи,
Айдың-Көлдү беттечи.
Кышта жылуу ойнотуп,
Жайда көлдү бойлотуп,
Дос болоюн сен менен,
Дос бол дүйнө эли менен!

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •