Датасы: 03.02.2021
Формат: mp3

Жолуктук күздүн бир күнүндө
Оюмду дароо ээлеп алдың
От жанып жүрөктүн түбүндө
Өзүң деп таңды тосуп калдым

Жан элем жалганда жаңылган
Сүйүүгө эми ишенбеген
Сезимдер жанданып жаңыдан
Бактылуу болом сени менен

Кайырма:

Сөзүмө бек туруп сүйүүдө чек куруп
Өзүңдү эч кимге алмашпай сүйөмүн деп туруп
Көңүлүмдү буруп башкага кетпеймин жаным ишен

Эркелетесиң багынтасың
Эркимдин ээси болуп өзүң
Эстеген сайын сагынтасың
Эңсетип сенин кара көзүң

Тумарым жүрөктүн дарысы
Жүрө албайм сени ойлонбосто
Түш болсо эгер баарысы
Турбаймын уктап ойгонбостон

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *