Көзүмдөн учуп элесиң
Көңүлдү бийлеп келесиң
Жабыркап жалгыз жүргөндү
Жарыгым качан сезесиң
Кайырма
Кайдасың азыр кайдасың
Тагдырдан тапкан табылгам
Кылчая карап өткөнгө
Сагынам сени сагынам
Ак сүйүүм келет арнагым
Жылт этип мага көрүнчү
Жылдыздуум менин ардагым