Бир жолу эшек менен төө кербенчилерден калып калышты. Чөбү белден буралган шалбаага туш болгон алар бат эле семиришти. Төө токтоолугун сактады, эшек майын көтөрө албай ары-бери ойдолоп баса баштады, жата калып оонады, кыскасы, көпкөлөңүнө тартты.

— Менин ырдагым келип атат, — деди буулуккан ал бир күнү.

— Койсоңчу досум, ырдаганды билсең бир жөн, айкырганга эле барсың го, ал үнүңдү адамдар укчу болсо экөөбүздү тең айдап барып жүк артышат,- дейт коркуп кеткен төө.

— Талантыңды көрө албайм деп эле ачык айтпайсыңбы, меникиндей бийик үн кимде бар! – деп эшек төөнү зекип, үнүнүн болушунча көтөрүп айкыра баштайт.

Анын үнү чоң жолдон өтүп бараткан кербенчилерге угулду. “Бул арада айыл деле жок эле, эшектин үнү кайдан чыгып жатат?” – деп таң калган алар карап келиш үчүн киши жиберишти.

Ал төө менен эшекти тапты да, бирин минип, экинчисин чүлүгүнөн жетелеп келди. Көп өтпөй жүк артылган төө менен эшек кербендин алдында илкип келатышты.

Бир кезде эшек куулугун карматып жер сүзгөн бойдон жыгылды. “Байкуш эшек ооруп калган турбайбы”, — деп адамдар аны жүгүнө кошуп төөгө артып жол улашты.

Жүк көтөрмөк тургай бирөөнүн жонунда жол тартуу эшекке аябай жакты. Башын койкоңдотуп эки жагын карады, ары-бери ооп, төөгө ого бетер кыйынчылык жаратты. Момун төөнүн ага кыжыры келди. Бир маалда кербен жолдон чыгып кылт этсе эле кургуйга кулачудай кыяга келип, эми гана жогору чыга баштаганда төө эшекке кайрылды:

— Эшек дос, менин бийлегим келип атат.

— Койсоңчу досум, сен качан бийлегенди билчү элең, — деп эшек төмөн жакка карап коркуп кетти.

— Талантыңды көрө албайм деп эле ачык айтпайсыңбы, меникиндей  майрык таман кимде бар! Бийлесем тимеле жарашып калат, — деп төө бийлеп жибергенде – эшек жанагыдан да катуу айкырган бойдон кургуйга кулады.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы64
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *