Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
Жүргөндө айыга албай жаратымдан,
Куюлуп арман болуп агып жаттым,
Куштардын куса серпкен канатынан.
Алдастайм ары-бери, ары-бери,
Жалгызмын, жан көргөн жок аны деги.
Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн,
Тизилген каркыранын сабы мени.
Көп жаштар көчө менен агат улам,
Көрө албай жалгыз сени арасынан.
Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
Талпынган куштун гана канатынан.
Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калар,
Билгендей махабаттын дартын алар.
Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
Алыска учуп кеткен каркыралар.
Күн батат, таңдар атат, агат суулар,
Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар.
Муңумдун баш тамгасын эске салып,
Муңайта бербегиле канаттуулар.
Жаз келди жайып жашыл килемдерин,
Белгендей келбес жайга жибергемин.
Сирендер гүл ачканда сени эстейм,
Сиреним, сирендерим силер менин.
Бул адат кайдан мага калган билбейм,
Адашкан арманымды жаздан издейм.
Жаңы ачкан бүчүр бойдон калсак кана…
Жашынып кеткичекти жалган бизден.
Жаз бойдон каларлыгым күмөн менин,
Жаштыгым сага учуруп жибергемин.
Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болуп,
Түбөлүк калышыңды билер дедим.
Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
Мен үчүн андан артык болбос орун.
Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
Сен болсоң уктатарым, ойготорум.
Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?
Муңарым, муң-арманым силер менин.