Датасы: 31.03.2025
Формат: mp3

Туясыңбы туталанып жүргөнүм
Туягынан ажыраган жоргодой
Жалгыздыкка айлангандай сүйгөнүм
Жалаң ырлар, жанган күүнү толгомой

Кайырма:
Сезесиңби сенек болду көңүлүм
Сезсең деле жардам кыла албайсың
Сени эстеген күн бар, жаркын өмүрүм
Түштө гана, түштө гана түркүн элес кандайсың

Билесиңби айыбым көп, арман көп
Үмүт билик бирде жанып, бирде өчкөн
Өзөгүмдө өзүмө көп таарыныч
Өзүм менен тепкилешем, сүйлөшсөм

Сезесиңби сенек болду көңүлүм
Сезсең деле жардам кыла албайсың
Сени эстеген күн бар, жаркын өмүрүм
Түштө гана, түштө гана түркүн элес кандайсың
Тоодой жүрөк берсе деле сен эми
Токтолгонсуң, тобокелге барбайсың

Кайырма:
Сезесиңби сенек болду көңүлүм
Сезсең деле жардам кыла албайсың
Сени эстеген күн бар, жаркын өмүрүм
Түштө гана, түштө гана түркүн элес кандайсың

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *