Датасы: 04.08.2024
Формат: mp3

Жаштык өтөт кайдан жалынсаң жок айла

Кайгыргандан не пайда

Колуң жетсе айга гүлдөй өсүп жайна

Келбейт күндөрүң кайра

Жаштыгыбыз мейли жанып өтсүн дейли

Тагдыр деген ушундай

Жамгыр болуп мейли жылдар өтсүн дейли

Жылмайып кой кайгырбай

Кайырма

Баратам баратам кучак жайып баратам жарыктарга

Айланып булукттарга ай жылдыздарга барамын жарыктарга

Обон күлү ырга ойноп күлүп жырга

Калбай эртең арманда

Жакшылыкты жандап жан дүйнөңдү арнап

Ушул дүйнө жалганда

Калбасынчы көңүл кандай таттуу өмүр

Кел бийлейли ырдайлы

Ак тилектер болсун аппак сүйүү болсун

Бакыт гүлүн арнайлы

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *