Кабылып жаштык сүйүүнүн майрамына,
Таңыркап таңдын тазарып атканына.
Күбөсү болгон сезимдин бүгүн мына,
Арманга толуп, алсырап калганына.
Кайырма:
Күнөөлөй албайм мен сени арманыма,
Күнөөлүү эмес тардырдын жазганы да.
Күнөөлүү ошол күндөрдүн,
Күнөөлүү ошол түндөрдүн,
Кадырын-баркын билбеген өзүм гана.
Магдырап кыялдын күлүк тулпарына,
Малындык бакыттын түркүн сыясына.
Саймалуу ошол күндөрдүн бүгүн мына,
Санаага толуп, саргайып калганына.
Кайырма:
БИЗ тобу — Күнөөлөй албайм тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 7584