Булардын кайсынысы чоң аудиосун угуу

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: — Сен өгүзгө убактысы менен жемчөп бергин дептир.
Кичүү баласына: — А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,— дейт да, өзү жүрүп кетет.
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума еттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.
— Буга эмне болду?.. Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең? — деп сурады агасы инисинен.

— Жок, муну атам гана билет.
Эки бир тууган жолдун боюнда өткөнкеткенден өгүз канткенде чеп жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка етүп:
— Өгүзүңөр чөп жебесе — суусап калганы ошол; эртең АлаКөлгө жетелеп барып сугаргыла,— деди.
Атасынын тапшырган ишин аткарбаган кичүүсү ошондо гана эстеди. Көрсе, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир.
Эртеси өгүздү АлаКөлгө алып барып сугарды зле, ал көлдү бүт ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү.
Соолгон келдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал таноосун дердеңдетип, оозун ачып, арыбери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты…
Ал аккан суу асканын түбүнде уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: «Күн азыр ачык эмес беле» деп күндү караса, көзүнө эмнедир түшүп кеткен сыяктанды. Абышка үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап, көзүнүн кычыгынан бир нерсени альш ыргытты. Көрсө, көлдү бүт жуткан егүздүн далысы экен.
Арадан бир нече күн өткөнде кербенчилер: «Ушул жер түз жер экен» дешип, кыз ыргыткан далынын үстүнө жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып баратканын сезишти. Карашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү атып жибергенде, түлкү жыгылып калды.
Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү. Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту.
Аңгыча жолоочу катын жетип келди да:
— Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен сыйырып алайын. Жаңы терөлген балам бар, ошого тумак чыгар,— деди.
Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жеткен кербенчилер:
— Ала коюңуз,— дешти.
Катын ат үстүнөн туруп түлкүнү эңип алды да, бастырып кетти.
Кана, балдар, ойлонуп көргүлөчү: өгүз, кел, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы67
Акылдуу кыз жомок37
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Булардын кайсынысы чоң”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *