Илгери, илгери бир абышка кемпирдин жалгыз ую, беш улактуу эчкиси, короочу ити, бир мышыгы бар экен. Кемпир мышыгына сүт куюп берди эле, короочу дөбөт озунуп барып ичип коймок болду. Мышыктын ачуусу келип, дөбөттүн эки көзүн апчып алды. Көзүнүн жарасы ырбап кетип, дөбөт акыры өлүп калды. — Иттен ажырадык. Эми уй менен эчкини ким кайтарат? — деп итинин өлгөнүнө капаланды чал.
— Итти өлтүргөндү билген мышык, короо кайтарганды кантип билбесин. Мышык өзү эле кайтарат, — деп кемпир аны уй менен эчкинин жанына байлап койду.
Бир күнү кемпир менен чал тешөктө жатканда, эшиктен иттин кыңшылаганы угулду. Абышка чыга калып караса — коңшусунун ити башын канжалатып качып бараткан экен. Мышык белин бүкчүйтүп, муруттарын сербейтип, тиштерин ырсайтып ыркырап турат.
— Байбиче, бул мышыгың анык баатыр көрүнөт. Коңшунун ити да абдан чоң иттердин бири эле, буга даай албай качып кетти, анын башы канга боёлуп калыптыр. Бул мышык карышкырга да айбат кылат окшойт, — деди чал кубанычка батып.
— Эмесе мындан ары мышык аты таптакыр өчсүн. Мунун эмки аты «Чокчолой баатыр» болсун, — деди кемпир.
Ошентип, Чокчолой баатыр уй менен эчкини кайтарып жүрдү. Кыш өтүп, жаз келди. Эл жайлоого көчө баштады. Чал менен кемпир да алачыгын уюна артып, эчкилерин жетелеп, Чокчолой баатырды чарчап калбасын үчүн, баштыкка башын чыгара бууп, жүктүн үстүнө байлап коюшту.
Калың токойду аралап бараткан кезде баштыктын боосу үзүлүп, Чокчолой баатыр жерге түшүп калды. Кемпир чал аны байкабай кете берди. Чокчолой канчалык мыёолосо да, алар угушкан жок. Анан зорго дегенде баштыктан бошонуп чыгып, эки жагын каранып турду. Аңгыча кийиктеп келе жаткан мергенчинин тайганы Чокчолойду качырып калды. Чокчолой коркуп, карагайдын башына чыга качты. Ошол корккон бойдон күн батканча карагайдын башында отурду. Кемпир чалдан адашканын билип, акыры карагайдан түшүп, бет алган жагына кете берди. Бир оокумда алдынан түлкү чыкты. Чокчолой чочуп, адатынча тиштерин ырсайтып, муруттарын сербейтип, куйругун чагарактатып, сүр көрсөтө катуу ышылдады. Түлкү Чокчолойдун сүрүнөн коркуп кетти. Ал анан «эмнеси болсо да сыр сурайын» деген амалды ойлоп, эки колун бооруна алып, өзү абдан сылык немече мунун алдына улам жүгүнүп:
— Саламатсызбы, курдаш… Бөлөк жердик көрүнөсүз, аты-жөнүңүз ким, таанышып алалы, — деди.
Чокчолой дагы кышкыш этип, арстандай айбаттуу түрдө:
— Мени ушул убакка чейин тааныбайсьнбы? Чокчолой баатыр мен болом! — деди.
Таң кала түшкөн түлкү «бул кайдагы Чокчолой баатыр?» деп ойлоп, бир аз сынап көрмөкчү болду:
— Эмесе кайда баратасыз? Мында сизден бөлөк да баатырлар көп. Мисалы; Жоке баатыр, Беке баатыр, Апсак баатыр. Аларга эч кимдин алышып алы, күрөшүп күчү жетпейт. Андан беркини айтсак: Узун кулак баатыр, Борсолдой баатыр дегендер бар. Сиз аларды тааныйсызбы?
Чокчолой баатыр катуу күрүлдөп:
— Мен эч кимди тааныбайм! Жана алардын эч биринен коркпойм! —деп сөздү кесе сүйлөдү.
Түлкү Чокчолойдун жообун уккандан кийин: «Бул да бир эр экен, муну менен таанышып алайын» деп ойлоп, ого бетер жойпуланып:
— Баатырым, эгер сиз эп керсеңүз, алыстан келе жатыпсыз, түн да кирип кетти… биздикине конок болуп өтүңүз, — деди.
Чокчолой макул болду. Түлкү муну үйүнө ээрчитип келип, төргө отургузуп: — «Бир аз отура туруңуз» — деп, өзү эшикке чыгып кетти. Көз ачыпжумгуча кашкулак менен коёнго жетти. Аларды аябай шаштырып:
— Тургула!.. Болгула! Чокчолой баатыр келди. Даамдуу тамакаш таап бара койгула. Кокус каарына калсак, баарыбызды оңдурчу неме көрүнбөйт, — деп түлкү кашкулак менен коёнду дүрбөлөңгө салып, өзү кайра үйүнө кайтты.
Алар ар түрдүү сонун тамакты бат эле түлкүгө жеткирди.
Түлкү кылткулт эте ордунан учуп туруп:
— Кадырлуу, Чокчолой баатыр! Менин урматтуу досторум, бирге ойногон курбуларым менен таанышып коюңуз! Көзү тосток, кулагы узун — Майрык баатыр… Мына бул быкындуусу Борсолдой баатыр…— деп коён менен кашкулакты тааныштырып, алар алып келген момолой чычканды Чокчолойдун алдына койду. Чокчолой андасанда күрр, күрр этип, момолойду тыткылап жеп жатты. Коён менен кашкулак Чокчолойдун сүрдүү кейпинен күрр, күрр эткен үнүнөн эстери чыгып улам артка жылып отуруп, акыры босогого барып калганын сезбей да калышты. Момолойдун этине кызыгып түлкү жаланганда, Чокчолой айбаттуу ышылдап, аны четке кууп салды.
Мунун айбатын керген кашкулак коёнго карап:
— Бали, баатыр болбосоң коё кал! Түлкү корккон соң, бизге эмне! — деди.
— Ообаооба, — деди коён, кулагын жапырып.— Өзү абдан ачуулуу көрүнөт. Бирок ачуусу канча болсо да, тартиптазалыкты бекем сактайт экен. Көрбөйсүңбү, бетиколун жууп жатат.
Чокчолой момолой чычканды бут жеп, жүктүн үстүнө чыгып жатып алды. Мындай кылыкка ыза болгон түлкү эми мышыкка каршы коёнду кайрады.
— Карачы, бизди дегеле жан ордуна санабайт. Улук деген сылык болбойбу. Сенин эмнең кетти, буга бир сыр керсөтчү, Коке!
— Туура! — деди кашкулак, түлкүнүн сөзүн кубатта.—Экөебүз алып келген тамактан ооз тийгизген да жок. Чоңдугу сендей эле экен. Жакшылап бир серпип өтчү!
— Айтсаайтпаса чын эмеспи, — деп коён Чокчолойдун жанына барып, башы менен экиүч жолу түрттү эле ал ойгонбой койду. Коёндун ачуусу келди да, мышыкты төбөгө шак эттире бир тепти. Чокчолой ыргып туруп апчып алганда, коёндун мурду жырылып калды. Ошондо кашкулактын да бүйрү кызып:
— Сен кандай уятсыз баатырсың? Деги жөн келип, жөн кетсең боло! Ай, ушул сенин чоңдугуңан кечтим! — деп мышыкты катуу качырды. Чокчолой да качырып келип, кулактан тиштегенде, кашкулак томолонуп эшикке чыга качты. Мурдунун жырыгын оң таманы менен бекем басып, өзү үч буттап сороктогон бойдон екүрүпбакырып коён да кетти. Буларды керген түлкү аябай коркуп;
— Чоке баатыр, сабыр кылыңыз, ал тентектерге теңелбеңиз. Бир жолку ачууңузду мага бериңиз. Алардын жазасын өзүм берем. Сиз бир аз тынч алып жата туруңуз. Мен сизге оокат даярдайын, — деп сыртка жөнөдү.
Түлкү ошол жөнөгөн бойдон түз эле Бөрү баатырга барды. Чокчолой баатырдын жөнүн ага жомок кылып айтты. Бөрү баатыр эч ишенбей:
— Мен анын атасын таанытам!—деп жулунду.
— Айланайын Бөкө, жулунбай коё турчу, мен сага айтып берейин. «Бөкө баатырың кайда? Аны тезинен чакыр! Бул дүйнөде Бөрүнүн кьшбаганы жок. Өзү емүр бою ууру, жакында эле бир тай жеген, еткен жылы торпокту жеп, бир козунун куйругун жула качкан. Кыскасы жегендерине эсеп жетпейт… Эми мен күтүп отура албайм, тез келсин, эгер келбесе өзүм барам»? деп ал күрүлдөп же чаңыргандай болсо, бүткөн боюң титирейт, — деди түлкү.
Карышкыр түлкүнүн сөзүн угуп чындап эле коркту. Бул да эми айласын таппай калганда, түлкү ээрчитип алып, жолборс менен аюуга барып, иштин жайын түшүндүрдү. Жолборс булардьш сөзүн угар замат аябай ачуусу келип, жерди чапчып ыргытканда, таштуу топурак түлкүнүн так башына тийди. Түлкү зеңгирей түшүп, ордунан тура калып, ыйламсырап, жолборско минтип айтты:
— Жоке баатыр, бул чын… Сизди алып кел, ал. менден бийликсиз иш кылат экен. Анын төрт таманына шиш кагам. Мага келип жүгүнсүн, антпесе соо калбайт дейт. Баса, майрык таман аюу кошо келсин деди.
Өзүн кемитип айткан сөзгө аюу да ачууланып:
— Менин таманым майрык экенин ошол гана көрүппү. — деп күрскүрс зтип, эки колун артына алып, ачуусуна чыдабай аркытерки баса баштады.
Жолборс комдонгон жеринде күрүлдөпшарылдап жатты. Бирок баарынын тең айласы кетип, акыры түлкүнүн айткан кебине көнүп, жолборс семиз уйду жетелеп келип, карагайга байлап салды. Аюу бир каман, карышкыр бир улак байлады. Каман дайынсыз коркулдай бергендиктен, аны өлтүрүп коюшту. Түлкү ишке эми мыктап киришти. Жолборсту өлгөн каманга жакын жаткырып, үстүнө чеп жаап таштады. Карышкыр карагайдын түбүнө жатып, бутактарды жамынды. Мен эч кимге жетпес жерге жашынам деп, аюу каргайдын башына чыгып кетти. Тыйын чычкан бул окуяга аңтаң болуп, ошол эле жердеги карагайдын бутагында карап отурду. Арызга келе жаткан коён менен кашкулак да таң калышты.
— Өздөрү ушунчалык өлгүдөй коркуп жаткан немелер бизге кайсы жардам берет? Жүр кетели, — деди коён.
Кашкулак кесирленип;
— Жок, мен ошол Чокчолойдон өч алмайынча кетпейм! — деп болбой койду.
Экеө далдаага жашынып турушту.
Бир аздан кийин түлкү Чокчолой баатырды ээрчитип келди:
— Мына, баатыр ушунун баары сиз үчүн. Адегенде мына бул камандан баштаңыз, майлуу эмеспи, — деп каманды көрсөттү.
Чокчолой баатыр байланган уйду көрө коюп:
— Токточу, түлкү! Мына бул уйду ким алып келди? —деп ачуулана сурады.
— Билбейм, баатыр. Иши кылып, булардын баары сизге келди, ошондуктан сиздики.
— Жок, бул уй менен улак биздики. Ким алып келип жүрөт?— деп Чокчолой ого бетер ачууланды.
Жолборс менен карышкырдан коркуп, түлкү эч сөз айта албай турганда, уй аянычтуу мөерөп:
— Мени жолборс алып келди!— деп ыйлап жиберди.
— Мени карышкыр көтөрө качты!—деп ары жактан улак маарады.
— Кайда жүрүшөт? Мен азыр алар менен чындап бир көрүшөйүн!—деп Чокчолой адатынча куйругун чагарактатып, күрүлдөп, айбаттуу түрде арыбери басып турду.
Чокчолойдун сүрүнөн жолборс, аюу, карышкыр чыны менен коркуп, былк этпей жата беришти. Коёндун эси чыгып, үйүн көздей безип жөнөдү. Жолборстун кулагына чөп кирип кетип, кычышканына чыдабай башын кыймылдатып койду. Чөп кыбыр эткенде, Чокчолой аны чычкан деп ойлоп, белин бүкчүйтө аңдып калды.
«Ии, коркок эле жан окшойт. Жанагы айткандары курулай опуза экен. Эгер тура калсам, жүрөгү түшүп елөр» дегенди ойлоп, бирок дагы бир сынап көргүсү келип, жолборс башын экинчи ирет кыймылдатып көргөндө, Чокчолой лып секирип барып, аны баса жыгылды. Чокчолойдун курч тырмактары жолборстун жонуна кирип кетти. Жолборс бакырган бойдон качьщ жөнөдү. Мышык эси чыгып, карышкырды аттап, карагайга жармашты. Карагайда жашынып отурган аюу «бул мага келатат» деп, корккорунан жерге кулап кетип өлдү. Карагайдын башында тамашага батып отурган тыйын чычкан тобурчакты жулуп алып, Чокчолойду так чокуга урду. Чокчолой катуу чочуп, жерге секиргенде: «Кезек эми мага келди»—деп, карышкыр ордунан тура качты. Түлкү менен кашкулак да капкачан жоголгон.
Чокчолой ую менен улагын бошотуп алып, абышка кемпирди издеп жүрүп араң тапты. Алар Чокчолой баатырга чоң ыракмат айтып, аябай ыраазы болушкан экен.
Чокчолой баатыр
Датасы: 06.02.2018 Көрүүлөр: 970
Ушул жомокту 20 жыл мурун окуган элем азырда балдарыма окуп берип кулуп жыргадым
Чоң философия бар экен.
Бул жомокту мага атам айтып берчу кундо угуп кундо сурана берчумун. Эми озум балдарыма окуп берип атам.