Эскирген капалыкты сезбей,
Жүзүңдөн жылуулук нуру кетпей.
Тазарсын Жаңы жылда,
Апакай сезимдер ак таңдай.
Жаңырган Жаңы жылымда,
Көңүлдөр ачык, толуп сонунга.
Себеле, аппак кар, эл-жериме,
Ырыскы себеле.
Кайырма:
Агарсын, тазарсын Жаңы жылда,
Баштаган азыркы кадамдар да.
Арбалсын ак тилек адамдарда,
Арнасын, Жаңы жыл, сага!
А-а-а, Жаңы жыл, сага!
Табышсын бактысын эгизиндей,
Тазарып маанайыңар издетпей.
Себеле, аппак кар, эл-жериме,
Ак сүйүү себеле.
Кайырма:
Чолпонай — Жаңы жыл тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 148