Чоң кумурска менен кичинекей кумурска

24.11.2019 20
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска

Бир күнү чоӊ кумурска кичине кумурскага  келип айтат экен:

— Мени укчу, карызга бираз ун берип турасыӊбы? Эгин бышаары менен кайтарып берейин.

Кичинекей кумурска жооп берди.

— Мейли, берсе берейин, жүр мени менен, азырынча кудайга шүгүр, ун бар го.

Ошентип экөө жөнөп калды. Чоӊ кумурска алдыда, кичинекейи артында. Бир убакта караса чоӊ кумурска алдыга бир топ алыстап кетиптир. Анда кичинекейи үн салат дейт:

— Эй, досум, унду бере элек жатып сага жете албай баратам, карыз алгандан кийин кандай болот деп ойлой баштадым?!.