Самара Сабирова — Кар вальсы текcти

Көчүрүү (скачать)

Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Кар кечип, каткырып кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.

Кайырма
Вальс, вальс, вальс
Мойнума кар саласың,
Вальс, вальс, вальс
Кубаныч таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың классташ-парталашым.

Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.

Кайырма

Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы

Кайырма

Самара Сабирова Кар вальсы клип

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •