Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Көздөрүң турат көзүмдө,
Көңүлүң барбы өзүмдө?
Көп жүрүп сендей жанды көрбөдүм,
Кыдырып, кыдырып дүйнө жүзүндө.
Кыдырып дүйнө жүзүндө, ай.
Көздөрүң сонун капкара,
Көргөндө жүрөк апкаара.
Толкундап кетем, кара көз,
Эмнеге кеттиңби,
Кеттиңби, жүрөк аңтара?
Жүрөгүм толкуйт апкаара, ий.
Пейилиң сонун алпейим,
Өзүңдү сүйүп, жан деймин.
Жылмайып койсоң, кара көз,
Сен мага, жүрөгүм,
Жүрөгүм толкуйт, кантейин?
Күлбөсөң күйөр асманым,
Күйүттө анда калганым.
Теңсинбей койдуң, кара көз, эмнеге,
Мен сага, тагдырга барбы жазганым?

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *