Озуңдү ойлоп басып жүрөм
Ойлуу тиктейм белести
Ойлоп турам жаным сени
Каректерде элесиң
Кайырма:
Сүйүп калып аным сени
Аным эмне күнөөбү
Бир өзүңдөй пери кызга
Жолуксам деп жүргөнмүн
Мен алдымдан кезиктирдим
Алаа гүлү кулпурган
Ал гүл мага сени эстетти
Каректерди сен турдуң
Кайырма:
Жакшы көрдүм жаным сени
Аным эмне күнөөбү
Мен да сен да бактыбызга
Жолуксак деп жүргөнмүн
Мен асманды карап турсам
Булуттар кооз ай кечтеги
Ак булутка салыштырып
Мен да сени эстедим