Датасы: 22.10.2020
Формат: mp3

Карагаттай көздөрүңдү сагынам,
Кыйын экен жаштык сага багынган.
Күтө – күтө жете албадым зарыгып,
Айтчы жаным качан сага багынам.
Кайырма:
Элмира, Элмира,
Кызматың эл үчүн.
Кыйналдым сен үчүн,
Үзүлбөйт сенден үмүтүм.
Мен музыкант, сен жаралдың эл үчүн,
Дартка даба дарыларды бересиң.
Ашыктыктан айыкпаган дартымды,
Айыктырсын сенин гана элесиң.
Сагынамын, сансыз ойго батамын,
Жолугушуп качан көңүл ачамын?
Сен дарылап көп жашасын адамдар,
Тилектештик саламымды жазамын.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *