Датасы: 14.01.2025
Формат: mp3

Ойнотуп бизди жетелеп

Оорутпай бактың бөпөлөп

Калкалайт мээрим жамалың

Карызбыз сизге эселеп


Кайгымды тарттың темселип карыздар ким бар менчелик

Жүк болгон күнүм эстесем

Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп

Ааламды нурга бөлөйсүң

Ак көйнөк кийсең көйкөлүп

Ааламда бир да аялзат

Ажарлуу эмес сенчелик

Сулуу эмес апа сенчелик


Үмүттүн отун жандырган

Үй ичин майрам шаң кылган

Өмүргө бизди алып келген

Энелер үчүн жан курман

Өмүрдө канча арман бар

Өзүң бар демек майрам бар

Бейиш деп сенин таманын

Белгилеп айткан пайгамбар

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *