Түн, жамгыр басылбай,
Отурамын сени ойлоп, сагынып.
Мен, сезимдерге багынып күтүп,
Санааларга келемин батып.
Кайырма:
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Жүрөгүм көңүлүм сүйүп турса.
Асыл жаным, ай,
Кантип сени сагынбайм,
Көздөрүң жылдыздай күйүп жанса.
Түн ортосунда, сөзүңдү ойго саламын мен,
Ардагым жалгыз сени сүйөм деген.
Мейли, менден кетсе өкүнбөймүн, өкүнбөйм,
Үмүт бар, мен сени күтөм деген.
Кайырма:
ДОБУЛБАС тобу — Асыл жаным, ай тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 548